Салыктык мунапыска илинген ишкерлердин жарым млрд. сом айып пулу кечирилди

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Былтыр пандемияга байланыштуу ишкерлерге бир шарт менен туум, санкциялардан бошотуу мыйзамы кабыл алынган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Салык кызматы жарыяланган мунапыстын алкагында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын жойгон 9 452 субъектинин 573,4 миллион сомдук айып пулун кечти. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай мунапыс 2020-жылдын август айында киргизилген.

6 605 салык төлөөчү салык карызынын негизги суммасын — 424,2 миллион сом төлөгөн. Алардын тууму 399,1 миллион сом, айып пулу 39,3 миллион сомго жеткен болчу.

Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Садыр Жапаров милиционерлерге бизнести текшерүүгө уруксат берүүгө каршы чыкты
2 847 субъект камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын — 250,3 миллион сом төлөгөн. Алардын айып пулу жана тууму 134,8 миллион сомго жеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин пандемияга байланыштуу эгер ишкерлер салыктык жана Социалдык фонддун төгүмдөрүнүн негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө туум жана айып пулдан толугу менен бошотуу мыйзамы кабыл алынган. Ал эми декабрга чейин төлөсө 50 пайыздык жеңилдик берилет.

2020-жылдын 1-июлуна чейинки Социалдык фондго болгон бардык карызына, ал эми салык боюнча алты жылдык карызына жогорудагыдай жеңилдик берүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0