Бишкекте Россиянын маданият күндөрү кандай өтүп жатат. 15 мыкты сүрөт

Жазылуу
Бишкекте Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында концерт жана уникалдуу көргөзмөлөр өтүүдө. Иш-чаранын эң кызыктуу көрүнүштөрү Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнө камтылды.

Баш калаанын тургундары жана меймандары үчүн көптөгөн иш-чаралар уюштурулду, ал эми маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулоо үчүн РФтен жоон топ делегация келген.
Россиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы кечээ Кыргыз улуттук филармонияда болду. Алгач иш-чаранын конокторуна Россия элинин көркөм кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү, кийин аларга фольклордук топтордун концерти тартууланды.

Кыргызстандын жана Россиянын желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Кыргызстан менен Россиянын маданият боюнча жумушчу топтору кызматташмай болду
Шаңдуу кол чабуулар менен сахнага Россиянын бир катар региондорунун өкүлдөрү чыгышты: Кемеров облусунан келген көмөкөй менен ырдоонун чебери Чылтыс Таннагашева, Башкыртстандан "Йатаган" этно-тобу, Коми республикасынан "Зарни Ёль" элдик музыкалык ансамбли, санкт-петербургдук "Колесо" фольк-шоу-группасы жана Тамбовдон келген “Домино” орус элдик инструменттер ансамбли.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын маданий биримдигине арналган конференция өттү. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде РФтин руханий жана маданий мурасына арналган көргөзмө жана “Низаминин сюжеттери жана образы: Чыгыш менен Батыштын диалогу” көргөзмөсү ачылды.

Кийинчерээк Россиянын илим жана маданият борборунда РФтеги көркөм мектептеринин окуучуларынын мыкты эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

Кечинде филармонияда Санкт-Петербургдун митрополиясынын дин кызматкерлеринин хор концерти башталып, анда россиялык руханий музыкалык чыгармалар, элдик жана XX кылымдын ырлары аткарылды.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте Россиянын маданият күндөрү өтүүдө. Маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулоо үчүн Россиядан кеңири программа менен жоон топ делегация келген
Бишкекте Россиянын маданият күндөрү өтүүдө. Маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулоо үчүн Россиядан кеңири программа менен жоон топ делегация келген - Sputnik Кыргызстан
1/15
Бишкекте Россиянын маданият күндөрү өтүүдө. Маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулоо үчүн Россиядан кеңири программа менен жоон топ делегация келген
© Sputnik / Табылды КадырбековСанкт-петербургдук "Колесо" фольк-шоу-группасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын сахнасында программа тартуулап жатат. Сахналык хореография: жаркыраган, тайманбас, экспрессивдүү көрүнүштөр коллективдин өзгөчөлүгү деп ишенимдүү түрдө айтууга болот
Санкт-петербургдук Колесо фольк-шоу-группасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын сахнасында программа тартуулап жатат. Сахналык хореография: жаркыраган, тайманбас, экспрессивдүү көрүнүштөр коллективдин өзгөчөлүгү деп ишенимдүү түрдө айтууга болот - Sputnik Кыргызстан
2/15
Санкт-петербургдук "Колесо" фольк-шоу-группасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын сахнасында программа тартуулап жатат. Сахналык хореография: жаркыраган, тайманбас, экспрессивдүү көрүнүштөр коллективдин өзгөчөлүгү деп ишенимдүү түрдө айтууга болот
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия күндөрүнүн ачылыш салтанатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, россиялык делегацияны маданият министринин орун басары Ольга Ярилова катышты
Россия күндөрүнүн ачылыш салтанатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, россиялык делегацияны маданият министринин орун басары Ольга Ярилова катышты - Sputnik Кыргызстан
3/15
Россия күндөрүнүн ачылыш салтанатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, россиялык делегацияны маданият министринин орун басары Ольга Ярилова катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековСахнада Коми республикасынан келген "Зарни Ёль" (Алтын агым) элдик музыкалык ансамбли өнөр тартуулашты. Алар багыт жана жанрларынын кеңдиги, стили, ошондой эле чеберчиликтери менен айырмаланат
Сахнада Коми республикасынан келген Зарни Ёль (Алтын агым) элдик музыкалык ансамбли өнөр тартуулашты. Алар багыт жана жанрларынын кеңдиги, стили, ошондой эле чеберчиликтери менен айырмаланат - Sputnik Кыргызстан
4/15
Сахнада Коми республикасынан келген "Зарни Ёль" (Алтын агым) элдик музыкалык ансамбли өнөр тартуулашты. Алар багыт жана жанрларынын кеңдиги, стили, ошондой эле чеберчиликтери менен айырмаланат
© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Чылтыс Таннагашева көмөкөй менен ырдоонун чебери, мындан сырткары, ал Тайгадагы жаныбарлардын жана канаттуулардын үндөрүн келиштире окшоштурат. Элдик жана автордук музыканы аткарат жана ырдайт
Ырчы Чылтыс Таннагашева көмөкөй менен ырдоонун чебери, мындан сырткары, ал Тайгадагы жаныбарлардын жана канаттуулардын үндөрүн келиштире окшоштурат. Элдик жана автордук музыканы аткарат жана ырдайт - Sputnik Кыргызстан
5/15
Ырчы Чылтыс Таннагашева көмөкөй менен ырдоонун чебери, мындан сырткары, ал Тайгадагы жаныбарлардын жана канаттуулардын үндөрүн келиштире окшоштурат. Элдик жана автордук музыканы аткарат жана ырдайт
© Sputnik / Табылды КадырбековКоми республикасынын өкүлү өз элинин кол өнөрчүлүгүн даңазалоодо
Коми республикасынын өкүлү өз элинин кол өнөрчүлүгүн даңазалоодо - Sputnik Кыргызстан
6/15
Коми республикасынын өкүлү өз элинин кол өнөрчүлүгүн даңазалоодо
© Sputnik / Табылды КадырбековКөрүүчүлөр россиялык артисттердин ырларын шаңдуу кол чабуулар менен тосуп алышты
Көрүүчүлөр россиялык артисттердин ырларын шаңдуу кол чабуулар менен тосуп алышты - Sputnik Кыргызстан
7/15
Көрүүчүлөр россиялык артисттердин ырларын шаңдуу кол чабуулар менен тосуп алышты
© Sputnik / Табылды КадырбековРуханий кол өнөрчүлүк көргөзмөсүндө Россия элинин улуттук маданиятынын бай тарыхы, көп түрдүүлүгү жана уникалдуулугу чагылдырылды
Руханий кол өнөрчүлүк көргөзмөсүндө Россия элинин улуттук маданиятынын бай тарыхы, көп түрдүүлүгү жана уникалдуулугу чагылдырылды - Sputnik Кыргызстан
8/15
Руханий кол өнөрчүлүк көргөзмөсүндө Россия элинин улуттук маданиятынын бай тарыхы, көп түрдүүлүгү жана уникалдуулугу чагылдырылды
© Sputnik / Табылды КадырбековБашкыртстандын өкүлү өз колу менен жасаган музыкалык аспабында өнөр тартуулады
Башкыртстандын өкүлү өз колу менен жасаган музыкалык аспабында өнөр тартуулады - Sputnik Кыргызстан
9/15
Башкыртстандын өкүлү өз колу менен жасаган музыкалык аспабында өнөр тартуулады
© Sputnik / Табылды КадырбековБашкыртстандан келген өкүл көргөзмөдө улуттук кийими менен
Башкыртстандан келген өкүл көргөзмөдө улуттук кийими менен  - Sputnik Кыргызстан
10/15
Башкыртстандан келген өкүл көргөзмөдө улуттук кийими менен
© Sputnik / Табылды КадырбековКечинде филармонияда Санкт-Петербургдун митрополиясынын дин кызматкерлеринин хор концерти башталды
Кечинде филармонияда Санкт-Петербургдун митрополиясынын дин кызматкерлеринин хор концерти башталды - Sputnik Кыргызстан
11/15
Кечинде филармонияда Санкт-Петербургдун митрополиясынын дин кызматкерлеринин хор концерти башталды
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын маданий борборунун жамааты россиялык руханий музыкалык чыгармаларды, элдик жана XX кылымдын ырларын аткарышты
Россиянын маданий борборунун жамааты россиялык руханий музыкалык чыгармаларды, элдик жана XX кылымдын ырларын аткарышты - Sputnik Кыргызстан
12/15
Россиянын маданий борборунун жамааты россиялык руханий музыкалык чыгармаларды, элдик жана XX кылымдын ырларын аткарышты
© Sputnik / Табылды КадырбековАлыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстан менен Россиянын маданий биримдигине арналган конференция өттү. Анда алдыдагы кызматташуунун негизги кадамдары талкууланды
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстан менен Россиянын маданий биримдигине арналган конференция өттү. Анда алдыдагы кызматташуунун негизги кадамдары талкууланды - Sputnik Кыргызстан
13/15
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстан менен Россиянын маданий биримдигине арналган конференция өттү. Анда алдыдагы кызматташуунун негизги кадамдары талкууланды
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын илим жана маданият борборунда РФтеги көркөм мектептердин окуучуларынын мыкты эмгектеринин көргөзмөсү ачылды
Россиянын илим жана маданият борборунда РФтеги көркөм мектептердин окуучуларынын мыкты эмгектеринин көргөзмөсү ачылды - Sputnik Кыргызстан
14/15
Россиянын илим жана маданият борборунда РФтеги көркөм мектептердин окуучуларынын мыкты эмгектеринин көргөзмөсү ачылды
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде эки уникалдуу көргөзмө ачылды.
Кыргызстан менен Россиянын маданият боюнча жумушчу топтору кызматташмай болду
Жыйын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Россиянын маданият министринин орун басары макулдашылган маселелер боюнча маалымат берди.
Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде эки уникалдуу көргөзмө ачылды.
Кыргызстан менен Россиянын маданият боюнча жумушчу топтору кызматташмай болду
Жыйын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Россиянын маданият министринин орун басары макулдашылган маселелер боюнча маалымат берди. - Sputnik Кыргызстан
15/15
Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде эки уникалдуу көргөзмө ачылды.
Кыргызстан менен Россиянын маданият боюнча жумушчу топтору кызматташмай болду
Жыйын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Россиянын маданият министринин орун басары макулдашылган маселелер боюнча маалымат берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0