Кыргызстан менен Россиянын маданият боюнча жумушчу топтору кызматташмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери
Кыргызстандын жана Россиянын желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Жыйын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Россиянын маданият министринин орун басары макулдашылган маселелер боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын маданият боюнча жумушчу жыйыны өттү.

Жыйындын жыйынтыктары боюнча Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова
Кыргызстан менен Россиянын маданият боюнча жумушчу топтору кызматташмай болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова
"Биздин Кыргызстан менен кызматташуу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүбүзгө чек жок. Бүгүнкү жумушчу топтун жыйынында дээрлик бардык тармактарды талкууладык. Мисалы, китепкана иши боюнча кызматташууну сүйлөшүп, мындан ары жаңылыктар жана жаңы долбоорлор менен алмашып турмай болдук. Россиянын бөлүшө турган тажрыйбасы арбын, өнөктөштөрүбүз менен биргеликте китепканаларды заманбап жашоого шайкеш келтирүү боюнча программаны ишке киргизип жатабыз. Театр жаатында дагы кызматташууну талкууладык. Министр менен гастроль уюштуруу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөштүк", — деди ал.

Ярилова Россия быйыл Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын гастролун күтүп жатканын белгиледи.

Дни культуры России в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу көргөзмөлөр өтүүдө. Сүрөт
"Кинематография жаатында кызматташуу маселесин талкууладык. Аймактар аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Себеби биз бири-бирибиздин маданиятыбыз, салт-санаабыз, өзгөчөлүктөрүбүз менен таанышканыбыз жакшы. Менин оюм боюнча, аймактар менен аймактар, мекемелер менен мекемелер кызматташса эки элдин биримдиги бекемдейт", — деди министрдин орун басары.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын жабылыш аземин атактуу аткаруучулардын катышуусунда уюштуруу макулдашылганын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясат министри Кайрат Иманалиев Россиянын искусство жаатындагы окуу жайларына көбүрөөк студент жиберүүнү сунуштаганын айтты.

Жыйындын соңунда Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында конференция өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0