"Россия Европага айланат". АКШ менен Польшанын эмне талашы бар?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүНАТОнун көп улуттуу батальонун кабыл алуу аземи. Архив
НАТОнун көп улуттуу батальонун кабыл алуу аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Байден АКШнын Польшадагы элчилик кызматына Марк Бжезинскийди көрсөтүүдө. Ал – айтылуу америкалык саясат таануучу Збигнев Бжезинскийдин уулу.

Жаңы дайындоо Москвада гана тургай, Чыгыш Европанын борбор шаарларынын бардыгында символикалык кадам катары бааланмак. Бирок Варшава дипломатты кабыл алгысы жок. Польша менен Кошмо Штаттардын ортосундагы элчи маселесин Ксения Мельникова тактап көргөн. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Атасынын уулу

Америкалык администрациянын куш тилиндей билдирүүсү Чыгыш Европаны катуу туталантты. "Президент Жозеф Байден Польша Республикасындагы АКШнын толук ыйгарым укуктуу элчилигине Марк Бжезинскийди көрсөтүүдө", — деп айтылат Ак үйдүн расмий сайтында. Эми анын талапкерлигин сенат бекитүүгө тийиш. Трамптын тушунда Польшада Кошмо Штаттарды Жоржетт Мосбахер таанытып турган. Быйыл январда ал кызматынан кеткен.

Марк — 1977-1981-жылдары президент Жимми Картердин тушунда улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Збигнев Бжезинскийдин уулу. "Ал полякча так сүйлөйт, Польшада аны жакшы таанып, сыйлашчу", — деп жазат Associated Press басылмасы.

Саясат таануучу Бжезинский кансыз согушта америкалык жеңиштин авторлорунун бири деп эсептелген. Ал Афганистанда Советтерге ыктаган режим менен күрөшкөн моджахеддерди америкалыктар кызуу колдоого тийиш деген пикирди тутунган. 1970-жылдардын аягында АКШ Советтер Союзун Орто Чыгышка карай тарта алган. Кийинчерээк Збигнев НАТОнун кеңейтилиши жана Россияны ооздуктоого үгүттөгөн. Белгилүү саясатчынын көз караштарын академиялык жана дипломатиялык коомчулуктун баары эле тегиз колдогон эмес.

Нью-Йоркская фондовая биржа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Кайтпас чекке жетти: талдоочулар АКШ экономикасынан кооптонууда
"Украина европалык дүйнөнүн бөлүгү болгусу келерин далилдөөгө тийиш. Эгер муну аткара алса, Россиянын реалдуулукка моюн сунуп, өзү Европанын бир бөлүгүнө айлануудан башка аргасы калбайт", — деген тейде жоромолдогон карыя Бжезинский Украинага чоң маани берет көрүнөт. "Ансыз Россия империя боло албайт, — деп эсептеген ал. — Сатып алынган, андан соң баш ийген аны менен империяга айланат".

Уулу да өз ишмердигинде Чыгыш Европаны жана Евразияны тандаган. Кенже Бжезинский дипломатиялык тажрыйбага ээ. Президент Клинтондун администрациясында ал Россия жана Евразия маселелери боюнча, кийин Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинде Балкан жарым аралы боюнча директор болгон. Барак Обаманын шайлоо штабында тышкы саясат маселелери боюнча кеңешчи, ал эми 2011-2015-жылдар аралыгында Кошмо Штаттардын Швециядагы элчиси болгон.

56 жаштагы Марк Бжезинский кесиби боюнча юрист, Дартмут колледжинде жана Виржиния университетинде окуган. Кийин Оксфорддо саясат таануу боюнча билимин жогорулаткан. Поляк жана француз тилдерин билет.

Варшава менен Бжезинскийдин өзгөчө мамилеси бар. Ал жакта Фулбрайт стипендиялык программасы боюнча окуп, "Польшадагы конституционализм үчүн күрөш" деген китебин чыгарган. Польша Республикасына эмгек сиңиргендиги үчүн орден менен да сыйланган. Бул жогорку сыйлыкты өлкө президенти эл аралык кызматташтыкты чыңдоодогу жана калк аралык өз ара байланышты өркүндөтүүдөгү бийик жетишкендиктер үчүн ыйгарат.

Пайда келтирери күмөн

Польша менен тыгыз байланышы бул кырдаалда кайра залал келтириши ыктымал. Польшалык Onet маалымат порталы өлкө өкмөтүндөгү булактарына таянуу менен Варшава Бжезинскийдин талапкерлигине макулдук берүүдөн азырынча баш тартып жатканын жазып чыкты. Буга себеп катары анын польшалык жарандыгы көрсөтүлгөн. Себеби Марктын атасы — Збигнев Бжезинский 1928-жылы Варшавада туулган, Польша мыйзамдарына ылайык, бул өлкөдө төрөлгөн киши жана анын балдары автоматтык түрдө жаран болуп саналат. Анткен менен бул боюнча эч кандай расмий документтер жок. Вена конвенциясынын дипломатиялык байланыштар туурасындагы 8-беренесинде: дипломатиялык миссиянын мүчөлөрү алар дайындалган мамлекеттин жарандары болууга тийиш деп айтылат. Бирок ошол эле учурда алар жөнөтүлгөн өлкө элчи анын да жараны болсо да кабыл алууга макул болууга укуктуу.

Анткен менен Польша Тышкы иштер министрлигинин көп жылдык тажрыйбасы бар. "Польшалык жаран Польшада дипломатиялык миссияны аткара албайт, анткени салык жана юридикалык иммунитетти талап кылышы мүмкүн. "Өз өлкөсүндө элчилик кызматты аркалоого болбойт" деген эреже бар", — деп түшүндүрүшөт жергиликтүү маалымат каражаттары.

Дипломатиялык өкүлчүлүктү жетектөө үчүн Марк Польшанын президенти Анжей Дудага аны жарандыктан ажыратуу өтүнүчү менен кайрылууга тийиш. Мындай талап Байдендин администрациясын да, кенже Бжезинскийдин өзүн да айран таң калтырды. Ал өзүн поляк деп эсептебейт, дегеле бул республиканын жараны эмес. Бирок Варшава башка пикирде. Дудадан муну өтүнүүдөн Бжезинский баш тартууда.

Россиия президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
"Россия менен Кытайдын ортосуна чок салууга ылайык маал". АКШ аракетке өтөбү?
"Америка өкмөтү бул жол-жобону кемсинтүү катары кабылдады. Анткени Польша тарап бул тилегин Кошмо Штаттардын жок дебестен аткарууну күтүүдө", — деп жазат Wyborcza газетасы. Адатта өлкөлөр макулдук берүү өтүнүчүн бир ай ичинде карайт, бирок достук алакадагы мамлекеттер эки апта аралыгында эле жыйынтык чыгарышат. АКШ элчилерине Варшава эки-үч күндө эле документ берген учурлар болгон. Элчи талапкерлигине макул болбоо жана бул жол-жобону создуктуруу – адатта алакалардын начарлашынын белгиси. Мындай жагдай кеп Бжезинскийдин жарандыгында эмес, Вашингтондогу жаңы администрация менен польшалык бийликтин байланышында болушу мүмкүн деген күдүк ойлорду жаратат.

"Бул америкалыктарга кысым көрсөтүү үчүн шылтоодон бөлөк нерсе эмес. Биздин бардык булактарыбыз мындай маалыматтын жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып кетиши элчи Бжезинскийдин болжолдуу дипломатиялык миссиясынын ийгилиги үчүн да, жалпы польшалык-америкалык мамилелер үчүн да кейиштүү кесепеттерге кептеши ыктымал", — деп белгилейт Wyborcza басылмасы.

Варшава менен Вашингтон союздаш болсо да бири-бирине дооматтары арбын. Мисалы, Анжей Дуда Жозеф Байденди АКШ президенти болуп шайланышы менен Германия, Британия жана Франция сымал 7-ноябрда эмес, шайлоочулардын расмий жыйынтыктары чыккан маалда – декабрдын аягында гана куттуктаган.

Жакында эле Варшава Вашингтонду маңызында ал "Түндүк агым – 2" долбоорунун курулушун аяктоого уруксат бергени үчүн сындаган. Ал эми өз кезегинде АКШ, тагыраагы, жаңы администрация Польша жарандарынын демократиялык эркиндигин чектеп жатат деп айыптаган. Америкалык сенаторлор тобу да Польшада "демократия артка кетип баратканын" белгилешкен.

Июль айында Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Нед Прайс Варшавага басма сөз эркин жана көз карандысыз болууга тийиш экенин эскерткен.

"Россияда ролу ашыра бааланган"

Көпчүлүк Марк Бжезинский атасынын жолун улап орустарга каршы саясатты жүргүзөт деп чочулашат. 2020-жылдын июлунда анын агасы Ян Вашингтон Москвага карата жетишерлик катаал аракет көрбөгөндүгүн айтып чыккан.

"Соңку 15 жыл аралыгында Батыштын, анын ичинде АКШнын россиялык активдүүлүккө жообу кысым көрсөтүүнүн – экономикалык санкциялар жана Европага аскерлерди жөнөтүү өңдүү чектелген чараларын гана камтыды", – деген ал. Ян мырзанын пикиринде, мындай ыкма Кремлдин тышкы саясий багытын өзгөртпөстөн, "тескерисинче, Россиянын президентин кайраттандырган".

Бжезинскийдин Польшага америкалык элчиликке көрсөтүлүшүн Варшава менен Москванын мамилеси жагынан караштын кажети жок. Бул ага таасир этпөөгө тийиш деп боолголойт Россия илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун улук илимий кызматкери Дмитрий Офицеров-Бельский.

Калининград шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Польша Калининградга зарылып турат. Жаңжал тутангандай...
"Мында Россия үчүн эч кандай белги жок. Америкалыктар Москвада Збигнев Бжезинскийдин ролу артыкча бааланганын элестете да албаса керек. Кошмо Штаттарда ал кеңешчи, бийликке жакын адам болгон, бирок аны эч качан таасирдүү интеллектуал, анан калса Советтер Союзу менен күрөштүн идеологу катары көрүшкөн эмес. Бжезинскийди элчиликке дайындоо менен АКШ поляктарга ылым саноону көздөгөндүр", — деп түшүндүрөт эксперт. Элчинин ким экендиги, албетте, маанилүү, бирок эл аралык саясатта ал баары бир негизги ролду ойнобойт.

"Азыр дүйнөдө өз ара аракет этүү каналдары мурдагыга караганда алда канча арбын, иш элчилик менен эле чектелбейт. Польшадагы АКШ дипломатиялык миссиясынын башчысы кандайдыр маанилүү функцияны аткарат деп ойлобойм. Көп нерсе андан көз каранды эмес", — деген ойдо Офицеров-Бельский. Анын пикиринде, эч нерсеге карабай Варшава менен Вашингтондун мамилеси сопсонун. Эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык өз ара аракеттешүү бар.

Улуу Британия Европа биримдигинен чыккан соң Польша автоматтык түрдө АКШнын аталган альянстагы эң ишенимдүү жана ырааттуу союздашына, анын таасиринин агентине айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0