Америкалыктар Олимпиадада таза оюндан четтетилди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАКШ спортчулары Токио Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде
АКШ спортчулары Токио Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Токиого адаттагы россиялык жүз жеңил атлетчинин ордуна он спортчу гана барып, бейтарап формачан, өлкөсүнүн желегин көтөрбөй, гимни да жаңырбай катышууда. Дээрлик күнү-түнү допингге анализ тапшырууга мажбур. Мындай мамилеге карабастан жеңишке да жетишип жатышат.

Допинг чырын уюштургандардын планы боюнча россиялык спортчулар алардын шарттарына ылайык катышып, бирок баарынан утуларын болжошкон. Батыштык "өнөктөштөрүнүн" версиясы боюнча, баары допинг колдонот имиш. Өздөрүнө келгенде шылтоосу жөпжөнөкөй, аны "терапиялык өзгөчөлүк", ал эми тилинде сөөгү жоктор "допингге лицензия" деп коюшат. Аны алыш кыйын деле эмес.

Спортчу өзү допингге каршы улуттук комитетке дарыгерден алган справканы тапшырып, машакаты жок эле тыюу салынган заттарды пайдаланууга укук алат. Химиянын түрү абдан кеңири. Арасында норвегиялык лыжачылар өндүрүштүк масштабда пайдаланган астманын дарысы да, теннисчи эже-сиңди Вильямстардан дайым шектенип келишкен анаболиктер да бар. Токио Олимпиадасында америкалык гимнастчы Симона Байлзга байланышкан көйгөйлөргө да тиешеси бар психотроптук препараттардын да түрү болушу мүмкүн.

Кызыгы, мындай уруксаттардын берилиши жана алардын мазмуну өтө купуя сакталат. Спортчулардын медициналык маалыматтары жеке иш болгондуктан ачыкталбайт. Доппингге каршы улуттук комитеттердин отчеттору да эч ким эч нерсе түшүнбөй тургандай даярдалат.

Олимпиада-2020. Велоспорт. Шоссе. Мужчины. Групповая гонка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Тилинен жаңылган машыктыруучу Олимпиададан куулду. Видео
Допингге чындап каршы күрөшө турган австралиялык активистттер, мисалы, 2012-жылы өлкөдө инсулинден риталинге чейинки катуу таасир эте турган 37 терапиялык өзгөчөлүк берилгенин аныкташкан. Бирок ар бир препарат боюнча так канча кишиге жана кимдерге уруксат берилгенинен эч кимдин кабары жок. Болгону WADA (Допингге каршы дүйнөлүк агенттик) маалымат базасына бир нече жолку хакердик чабуулдардан кийин батыштын алдыңкы спортчулары атаандаштарын жеңүү үчүн химиянын ар кыл түрүн дайым колдонуп келишкенин айгинелеген.

Морфин, викодин, триамцинолондун аралашмасы, маселен, айтылуу британиялык жөө күлүк Мо Фаранын анализдеринен аныкталган. Анткен менен анын олимпиадалык алтын медалынан шектенгендер жок. Аны четтетүү тууралуу кеп да жүргөн эмес. Улуу Британия ханышасы ага рыцарлыкты ылайык көрүп, Мо спорттук карьерасын уланта берген. Бирок курама топко тандоодон өтө албай, Токиого барбай калган.

Бир нече жыл бою эже-сиңди Уильямс жана Симона Байлздын допинг анализдеринен тыюу салынган заттар табылган. Бирок үч спортчу айым тең мелдештерге катышып, ута тургандын баарын утушкан.

Мындан бир топ жыл оболу таанымал USA Today журналы иликтөө жүргүзүүгө тырышып, эже-сиңди Уильямстардын анализдеринде чындап эле мандем барбы деген тейде Допингге каршы дүйнөлүк агенттикке кат жолдогон. Терапиялык өзгөчөлүктөр боюнча маалыматтарды жарыялап коюуга болбойт беле? Коомчулук айтылуу спортчулар "күчүн кайдан" топтоорун билгени жакшы го. Бирок Допингге каршы дүйнөлүк уюм басылманын өтүнүчүн көз жаздымда калтырып, эч кандай маалымат аныкталган эмес. Журналисттер Допингге каршы америкалык агенттиктин расмий билдирүүсүнө гана ыраазы болуп тим калышкан. Ал жоопто эже-сиңди Вильямс жана Байлздын эч кандай күнөөсү жок экени айтылат.

Муун алмашып... Олимпиадада спорттун өзгөчө түрүн көрсөткөн аялдардын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Муун алмашып... Олимпиадада спорттун өзгөчө түрүн көрсөткөн аялдардын видеосу
Байлз бала кезден гиперактивдүүлүк жана көңүл буруунун жетишсиздигинен азап чегип келерин, ошондуктан WADA ага риталин ичүүгө уруксат бергени тууралуу маалым. Бул эмнеге кептегенине Токиодо бүт дүйнө күбө болуп отурат. Риталин күчтүү психостимулятор, аны эл арасында "жакырлар үчүн кокаин" деп коюшат. Чек арадан алып өтүү абдан татаал, пандемия убагында эрежелер мурдагыдан да катаалдаган. Жагдайды жакындан билген адамдардын айтымында, Симона Байлздын машыктыруучусу Японияга шакиртине керектелген риталин запасын алып бара алган эмес. Көнүп алган дарысыз атактуу гимнаст кыз мелдештен четтетилип, командасынын да ийгилигин солгундатты. Америкалык маалымат каражаттары спортчуну баатыр кылып, ашыкча сезимталдыкка берилген тексттерди жайната жарыялоодо. Болбосо дүйнө көзүндө спортчу кынык алган "адатынан" гана жабыркоодо. Мындай маскарадан коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөгөн Допингге каршы америкалык агенттиктин жетекчиси Трэвис Тайгарт россиялык спортчуларга атырылып: "Россия катаал жазага татыктуу, көз боемочулукту улантууда", – деп чыкты. Ошону менен бирге эле РФти "допингди мамлекеттик колдоого" айыптап, россиялык олимпиадачылардын баарынын допинг анализдерин жарыялоону сунуштоодо. Жол болсун дейли, анткени Эл аралык олимпиада комитети россиялык спортчулардын эч биринин анализинде допинг чыкпаганын тастыктады. Ал эми америкалык спортчулардын анализдеринин жыйынтыгын көрүү кызык болмок...

Россиялыктар эл аралык мелдештердеги кысымга көнүп деле бүтүштү. Бирок Токиодогу Олимпиада ашкере саясатташкандай элес калтырат. Таза оюнда жеңе албаган батыштык "өнөктөштөр" РФ спортчуларына ойго келбес чагымчылдыктарды уюштуруп, көө жаап, ачык эле кысым көрсөтүүдө. Тынч Олимпиадалык оюндарды согуш талаасына айлантууга чамынууда. Акылы бийик аналитиктер муну "башаламандыктын экспорту" деп атап, түпкүлүгүндө стратегиялык максаттар жатат дешет.

Америкалык балдардын бир нече мууну спорттун жылдызы болуш үчүн жаш чагынан ар кандай тыюу салынган препараттарды колдонуу керек деген түшүнүк менен өсүүдө. Мыйзамга жат мындай жагдайды машыктыруучулар да, дарыгерлер да, Трэвис Тайгарт, ал түгүл президентке дейре жаап-жашыра беришет. Анда алардыкы "допингди мамлекеттик колдоо" эмей эмне?! WADA чоң спорттун болочогу үчүн америкалыктардын мындай аракеттерине чара көргөнү оң болмок.

Жаңылыктар түрмөгү
0