https://sputnik.kg/20210802/dene-tarbiya-akademiyasy-zhogorku-kvalifikaciyadagy-kadrlardy-dayardajt-1053406583.html
Оморов: Дене тарбия академиясы жогорку квалификациядагы кадрларды даярдайт
Оморов: Дене тарбия академиясы жогорку квалификациядагы кадрларды даярдайт
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын административдик чарба иштери боюнча проректору Максат Оморов КМДТСА заманбап талаптарга ылайык жогорку... 02.08.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-08-02T17:16+0600
2021-08-02T17:16+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/08/02/1053406478_0:26:3072:1764_1920x0_80_0_0_d17a1645c0faa04ddd098d6f4582f0d0.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/02/1053406478_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_66a210a7aa5e2a92c4af6a997ace91ab.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, максат оморов
коом, кыргызстан, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, максат оморов
Оморов: Дене тарбия академиясы жогорку квалификациядагы кадрларды даярдайт
17:16 02.08.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын административдик чарба иштери боюнча проректору Максат Оморов КМДТСА заманбап талаптарга ылайык жогорку квалификациядагы кадрларды даярдап чыгарып жаткандыгын айтты.
Академия өлкөдөгү заманбап окуу-илимий жана спорттук базасы бар, спорт жана дене тарбия тармагындагы бирден-бир адистештирилген жогорку окуу жайы катары эсептелет. Мындай маалыматты Максат Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жайдын өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө көмөгү чоң болгондуктан өкмөт тарабынан дагы көңүл бурулуп, маалыматтык технологиялар жаатында колдоо болушу керек.
"Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы 1955-жылы негизделип, андан бери 13 миңдей бүтүрүүчүнү уядан учурду. Учурда окуу жайдан билим алган адистер республикада жана чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп келишет. Академияда эки миңдей студент билим алып, жылына 400дөй бүтүрүүчүгө диплом берет. Спортту жайылтуу, аны өнүктүрүүдө Дене тарбия академиясы жогорку квалификациядагы кадрларды даярдайт. Мындан тышкары, маданиятыбызды, каада-салтыбызды унутта калтырбай кыргыздын улуттук оюндарына да басым жасалып, ат оюндары, тогуз коргоол, ордо сыяктуу багыттар каралган. Дүйнөлүк спортто болуп жаткан жаңы тенденциялардан калбай, эл аралык стандартта билим берүү үчүн аракет кылып жатабыз. Бирок маалыматтык технологиялар жаатында дагы иштөө керек", — деди Оморов.
Ошондой эле адис Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына кабыл алууда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы зарыл эместигин кошумчалады.