Бир суткада коронавирус 10 адамдын өмүрүн алды

© REUTERS / Rodrigo AbdОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 бейтаптын абалы оор болсо, 222синин абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча коронавирустан 10 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Каза болгондор:

  • Бишкек шаары — 5;
  • Ысык-Көл — 3;
  • Нарын — 1;
  • Жалал-Абад — 1.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 2 335 адам дарттын курмандыгы болду.

Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 кишинин абалы оор болсо, 222 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бүгүнкү күндө 10 369 адам үй шартында дарыланып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0