Тажикстан жарандары кол көтөргөн Баткендеги Ак-Сай айылынын башчысы ооруканага түштү

© Фото / Зульфия ТургуноваМашина главы Ак-Сайского айыл окмоту Алимбека Сабирова
Машина главы Ак-Сайского айыл окмоту Алимбека Сабирова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Чек арага жакын жайгашкан айылдагы тажикстандыктар айыл башчы Алимбек Сабировдун автоунаасынын терезелерин таш менен уруп, талкалаганы дагы айтылды.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Баткендеги Ак-Сай айылынын башчысы Алимбек Сабировго Тажикстандын Хожа-Алъо айылынын тургундары таш ыргытып, кол көтөрүшкөн. Мындан улам ал Баткен облустук бириккен ооруканасында дарыланып жатат. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысына өзү тастыктады.

Ошондой эле коңшу өлкөнүн жарандары Сабировдун автоунаасынын терезелерин таш менен уруп, талкалаганын КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Азат Курбанбеков билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, окуя кечээ, 29-июль күнү, саат 20:10 чамасында болгон. Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча КР президентинин атайын өкүлү Мамыр Рахимов, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруф Тулаев Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабиров Ак-Сай айылында жаңыдан курулуп жаткан үйлөрдүн курулуш иштеринен кабар алган соң Таш-Тумшук айылына барган.

"Анда өрттөлгөн турак үйлөрдүн абалын көрүп жаткан учурда жанаша жайгашкан Тажикстандын Хожа-Алъо айылынын 15-20га жакын тургундары келишкен. Ортодо пикир келишпестик жаралып, Тажикстандын бир жараны таш менен урган. Натыйжада Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабировдун унаасынын алдыңкы жана арткы айнектери сынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя катталгандан кийин ыкчам териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолукканы кабарланды.

Прибытие в Кыргызстан президента Таджикистана Эмомали Рахмона - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Баткендеги атышуу: Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара жетекчилери сүйлөштү
"Тажик жарандарынын жат аракеттери боюнча маселе көтөрүлүп, Тажикстандын жарандары тарабынан келтирилген материалдык чыгымдарды төлөп, таш менен урган тажик жарандарына карата мыйзам чегинде чара көрүлөөрүнө Тажикстандын Исфара РИИБдин башчысы Набиджон Исозода убада берди", — деп билдиришти алар.

Учурда Баткен районунун акими Учкун Жоробаев, Исфара районунун акими Баховидин Баходирзода жана эки тараптын райондук күч органдары жолуккан. Анда акимдердин деңгээлинде чыр-чатактарды кайрадан болтурбоо жана алдын алуу, чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, жакында эле Баткендеги чек арага жакын аймакта чыр чыккан. Тагыраагы, 24-июлда  Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачылары бири-бирине ок чыгарган. Окуя чек арага жакын Баткен районунун Кум-Мазар аймагында болгон. Тажик тарап кыргыз жак менен макулдашпай туруп аймакта кум тазалоо иштерин кыла баштаган. Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барып, ишти токтотуусун талап кылган. Бирок тажик тарап буга макул болгон эмес. Тараптар бири-бирине таш ыргытып, кийин чек арачылар ок чыгарган. Көп өтпөй эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүп, жаңжалды токтотуу чечимин кабыл алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0