Ошто сууга чөккөн эже-сиңди: окуянын чоо-жайы айтылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРИздөө учурунда суучул. Архив
Издөө учурунда суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
27-июль күнү ӨКМден Ош — Араван каналына агып кеткен өспүрүм кызды куткарабыз деп түшкөн эки аял каза болгонун билдирген.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ош облусунда 15 жашар кызды куткарабыз деп Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен эже-сиңдилердин бири кыздын 38 жаштагы апасы, экинчиси 36 жаштагы таежеси болгон. Бул маалыматты Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысына маркумдардын жакындары тастыктады.

Киши Дело № папкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
18 жашар уландын аттракциондогу өлүмү: сотко чейинки өндүрүш башталды
27-июль күнү ӨКМден Ош — Араван каналына агып кеткен өспүрүм кызды куткарабыз деп түшкөн эки аялдын каза болгонун билдирген.

Жакындарынын айтымында, каза болгон эже-сиңди Ош шаарындагы Южный кичи районунда жашашчу. Кечээ алар Төлөйкөн айылындагы Ак-Буура дарыясынын жээгине эс алууга барган. Маркумдардын сөөгү кечээ күнү 17:00 чамасында жерге берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0