Ошто сууга түшүп кеткен кызды куткарабыз деп эже-сиңди каза болду. Видео 

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарындагы Ак-Буура дарыясы. Архив
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
ӨКМге үч аялдын Ош — Араван каналына чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жеткенге чейин эки аялдын сөөгү сыртка чыгарылган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ош — Араван каналына 15 жаштагы кызды куткарабыз деп түшкөн эже-сиңди каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Окуя 27-июль күнү Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында болгон.  

“ӨКМге үч аялдын Ош — Араван каналына чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 13:15те төрт куткаруучу тартылган. Алар жеткенге чейин эки аялдын сөөгү сыртка чыгарылган”, — деп айтылат маалыматта.  

Ал эми 15 жаштагы кызды куткаруучулар аман алып калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0