00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
45 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Трансформация вузов — каким должен быть университет будущего
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү — ал кантип эсептелет?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ветеринардык дары каражаттары Россиядан келет — лабораториялардын абалы кандай?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Жизнь рядом с ИИ - психолог о том, как это меняет наше восприятие мира
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Евросоюз в Центральной Азии: партнёрство или расчёт?
14:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Все, что нас окружает — незримое действие Конституции — разговор о главном законе страны
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Согушта ага лейтенант наамына жеткен Султан Сарыбаев
19:06
29 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мэр менен вице-мэрлердин улам кармалышы. Бишкектин башчысы үн катты

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов. Архив
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Кечээ жакында УКМК вице-мэрлердин бирин кафе кожоюнунан пара алды деген шек менен колго түшүргөн. Бишкек мэри ага жеке баасын берди.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кармалган орун басары Азамат Сагындык уулуна мүнөздөмө берди.

Эске салсак, вице-мэрди УКМК кафе кожоюнунан пара алды деген шек менен колго түшүргөн.

"Азамат Сагындык уулуна жумуш боюнча эч кандай доомат жок, бул системада 7-8 жылдан бери иштеп келет. Өзүм маалыматты прессадан уктум", — деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Кудайбергенов укук коргоо органдарынын атынан сүйлөй албай турганын, бирок жеке баасын бере аларын белгилеген. Анын айтымында, кеп Түгөлбай-Ата көчөсүндө жайгашкан кафе тууралуу болуп жатканын, буга чейин өзү (Кудайбергенов - ред.) аны түрттүрүүгө тапшырма берген. Шаар башчысы орун басарынын маселеси оң жагына чечилерине ишенерин кошумчалаган.

"Ал вице-мэр… Иш билги кызматкер жана жумуш боюнча эч кандай дооматым жок", — деген ал.

Вице-мэр по вопросам градостроительства и архитектуры Азамат Сагындык уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
УКМК: Бишкектин вице-мэри кафе ээсинен пара алуу иши боюнча кармалды
Ошондой эле ага "Азамат Сагындык уулу иштен алынабы?" деген суроо берилгенде чаралар көрүлөрүн айткан.  Мындан сырткары, калаа башчысынан азыркы жана мурдагы мэрлер менен вице-мэрлердин улам кармалышы эмне менен байланыштуу экенин сурашканда, аны коррупция менен күрөшкө байланыштырды.

23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.

Атайын кызматтын билдиришинче, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түшкөн.

24-июль күнү вице-мэр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0