00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:08
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Маалымат борбор

Кыргыз таануучу: адамды билим, тарбияга сугармайын ала качуу токтобойт. Видео

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси ала качуу салт эмес, адат экенин айтып, бул эки нерсени айырмалай билүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле азыркы ала качуулар адат дагы эмес кылмыш экенин белгиледи.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ала качууну түп-тамырынан бери жоюу үчүн алгач адамды билим менен тарбияга сугаруу керек. Ансыз канча кишини камаба, бул жорук улана берет. Мындай пикирин кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Уурдалып, өлтүрүлгөн кыздар: бийлик аларды кантип коргойт" аттуу тегерек столдо билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

Кыргыз таануучу өлкөдө тарбия институтуна кайра кайрылып, аны бекемдөө керектигин белгиледи.
"Отто фон Бисмарктын "мектеп салгандан үнөмдөсөң, келечекте түрмө салганга аргасыз болосуң" деп айткан сөзү бар экен. Азыр бул жерде "соттош керек, камаш керек, күчөтүш керек, бул камалды, бул акмак" деген эле сөздөр болуп жатат. Коомду кайсы жакка алып бара жатабыз? Биз азыр көпчүлүк процесстердин кесепети менен эле алпурушуп, алышуудабыз. Аны түпкүрүнөн жоюуну али ойлоно элекпиз. Бул жерде дароо эле камаш керек дебей алдын алуу маселесин ойлонуш керек. Ошол нерсеге жетпегендей абалга алып келүү зарыл", — деди ал.
Мындан тышкары, Мураталиев кыздардын тагдырына аялдар өздөрү балта чаап жатканын белгиледи.
Депутат Айнуру Алтыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Маалымат борбор
Депутат Алтыбаева: ала качуу мыйзамын катаалдаштыруу каралууда
"Ала качууга дуушар болгон кыздын бактысын жеңелери "отур" деп аялдар өздөрү байлап жатат. Бул факт. Муну гендердик маселе катары карабагыла. Ал жерде кызды эркектер эмес, аялдар, жеңелери, апасы отургузуп жатат. Жаш кыздын тагдыры чечилип жатканда өзөктүү орунду аял ээлейт. Мындай жосунсуз жоруктарды алдын алуу үчүн биз балдарга татыктуу билим беришибиз керек. Андан сырткары, тарбия деген бар. Салттуу үй-бүлө институту көйгөйгө айланды. Эмнеге биз милицияны, мыйзамды күчөтүп "соттогула", "байлагыла" дейбиз. Бүгүн бешөөнү байласаң эртең ону чыгат, онун байласаң дагы 20сы чыгат. Бул ыкма жардам бербейт. Ошол себептен тарбия институтуна кайрылып, билим берүүдө тарбия маселесин толук кандуу иш жүзүнө ашыруу зарыл деп ойлойм", — деди Мураталиев.
Ал ала качуу салт эмес, адат экенин айтып, бул эки нерсени айырмалай билүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле азыркы ала качуулар адат дагы эмес кылмыш экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0