Ырчы Сырга: жактырган жигитке арнап жазган ырым элге таанытты

© Фото / Руслан МыктаевЖаш ырчы Сырга Сагынбекова
Жаш ырчы Сырга Сагынбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Жаш ырчы Сырга Сагынбекованы жактырган жигитине арнаган чыгармасы чыгармачылыктын чыйыр жолуна салган экен. Ал окуу жайды аяктагандан кийин гана ырдап чыга баштаса дагы аз убакыттын ичинде эл оозуна алынды. Азыр жандуу ырдагандан эмес, фонограммадан коркорун айтат.
Таланты менен сулуулугу жуурулушкан ырчынын ажары көпчүлүк жигиттин көзүн күйгүзөт. Мындай кыздын кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнө жылаңач калгандан коркуш керек деген принциби бар.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ырчы Сырга Сагынбекова менен чыгармачылык жолу, көңүлүн калтырган сынактар жана сезимдерин козгогон мырзалар тууралуу маек курду.
— Кечигип келгениңизге караганда күндүн ысыгына карабай катуу иштеп жаткан окшойсуз.
— Жаңы ырларды жаздырып, жайында клиптерди тарттырганга жетишип калайын деп күйпөлөктөп жүрөм. "Манас" университетинин "Түрк дүйнөсү" оркестринде солист болуп жана коммерциялык долбоорлордун үстүндө да иштеп жатам.
© Фото / Руслан МыктаевЖаш ырчы Сырга Сагынбекова жагымдуу чыгармалары менен элге таанылып келе жатат
Певица Сырга Сагынбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаш ырчы Сырга Сагынбекова жагымдуу чыгармалары менен элге таанылып келе жатат
— Анда маегибиздин башында туулуп-өскөн жериңиз, ата-энеңиз тууралуу азыноолак айтып берсеңиз.
— Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынан болом. Ошол жактан мектепти бүтүп келип Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшыргам. Мында көркөм өнөр факультетинин эстрадалык вокал бөлүмүн аяктадым. Магистратураны болсо Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайынын Көркөм билим берүү факультетинде окудум.
Ата-энем айылда турушат, соода-сатык тармагында чакан бизнеси бар. Алар баатыр ата-эне (күлүп), жети бир туугандын алтынчысымын. Айылдагы карапайым адамдар болгону менен дүйнө таанымы кенен. Кыздарга андай кесип болбойт же балдарга жарашпайт дебей, ар бирибизди өз каалообузга, шыгыбызга карап окутушту.
— Ата-энеңиз бизнесмен болсо сизге ырчылык өнөр кайдан келди?
— Таятам чыгармачылыкка жакын киши болгон деп калышат. Апамдын айтуусуна караганда, таятамдын колунан комуз түшпөй, түнү ойгонуп кетсе да чертип чыкчу экен. Атам кээде ыр жазып, бир аз обон созуп калат. Бир туугандарым да музыка сүйүүчүлөргө кирет, бирок профессионалдуу түрдө алектенишпейт. Мен айылда эле музыкалык мектепте окуп, маданият үйүндө болгон бардык концерттерде ырдачумун. Ошондо эле конкурстарга катышып, борборго чейин келип кеткем.
© Фото / Руслан МыктаевСырга Сагынбекова: Мирбек Атабеков менен көбү дуэт ырдагысы келет, мен да ошолордун катарындамын.
Певица Сырга Сагынбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сырга Сагынбекова: Мирбек Атабеков менен көбү дуэт ырдагысы келет, мен да ошолордун катарындамын.
— Бала чагыңыздан эле ырчы атка конгон турбайсызбы.
— Ал да туура. Бирок айылда көбүнчө сүрөтчү кыз катары таанышчу. Анткени окуучу кезде көп убакыт документке сүрөт тартып, фотограф болуп иштегем.
— Окубай туруп бир жолу ырдап койгон видеосунан кийин жылдыз болуп кеткендер да бар эмеспи. Музыкалык билим алуу канчалык деңээлде маанилүү деп ойлойсуз?
Tik Tok жана Instagram блогер Ажар Сатарбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Селсаяктар менен иштеген Ажар: блогерликтен айына 200 миң сом табам
— Албетте, тубаса өнөрү барлар көп. Бирок эмгек менен өнөрүңдү өркүндөтүп, талыкпай билим алган эң жакшы нерсе. "Бат күйгөн нерсе бат өчөт" деген сөз бар го. Ошондой эле билим сага келечегиңди түзө турган пайдубал болуп бере алат. Чыгармачылыгыңдын өмүрү узун болот. Андан дагы жылдызың жанып бир күн өчө турган мезгил келгенде "мындан ары эмне кылам?" деген ой пайда болот. Ошол мезгилде жок дегенде мугалим болуп калууга алган билимиң жардам берет. Өнөрүң болуп, билимиң жок болсо татыктуу мугалим болуу кыйын.
— Окуу жайды бүтүрүп деле ырчылыкты алып кете албагандар арбын. Сиздин кайсы ырыңыз чыгармачылыкка чыйыр салды.
— Айылдан жаңы келгенде бир теледолбоорго катышып, алдыңкы орундарды алгам. Ошондо эле мени айылдагылар телевизордон көрүп, таанып калышкан. Бирок ошол кезде жаштык кылдым окшойт, атаандаштыктын айынан конкурстарга катышуудан көңүлүм калган. Эл аралык сынакка чакыруу алып, ага да барбай калдым. Коомчулук алдына көп чыкпай эле окууга баш отум менен кирип кеттим. Окуумду жакшы бүтүрүп алгандан кийин гана чыгармачылыкка кадам таштадым. "Супермен" деген ырымды эл жакшы кабыл алып, ошондон кийин тааныла баштадым окшойт. Андан кийин "Дале" деген дуэтибиз өз угармандарын таба алды.
© Фото / Баяман ОсмоновСырга Сагынбекова: шаарга жаңы келгенде сынактарга көп катыштым, кийин көңүлүм калды
Певица Сырга Сагынбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сырга Сагынбекова: шаарга жаңы келгенде сынактарга көп катыштым, кийин көңүлүм калды
— Имидж, стиль жаратуу да кыйын иш, продюсерлер менен иштешесизби?
— Баары эле өзүмдүн идеям, дос-жарларым, дизайнер курбуларым гана жардамдашып турушат. Ооба, продюсер менен иштешиш керек. Сунуш кылгандар деле жок эмес, бирок өзүмдүн адамымды таба албай жүрөм.
— Социалдык тармакта ачуу да, таттуу да пикирлерди жазып турушат. Хейтерлерге туруштук бере аласызбы?
Рэпер кыз Тамга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Кыргызстандагы алгачкы рэпер кыз Тамга: бир клип тартып кыйраттык деп жүрүппүз
— Бардык адамдарга бирдей жакпайсың да. Бир колуң ачылып калса деле "жап" дей беришет. Өзүмө жакса эч кимге карабай жасай берем. Мени өкүндүргөнү — билимине же адамдык сапатына эмес, кийген кийимине карап сын айткандары. Ал болгону чүпүрөк да. Кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнөң жылаңач калгандан коркуш керек. Эң башкысы ата-энем дайыма колдогону мага жетиштүү. Калганын өзүм тандайм.
— Негизи ырчылар бири-бирин жарнамалап, чогуу жүргөндөрүн көп көрөбүз. Байкашымча сиздин досторуңуз башка чөйрөдөн, анан көбү эркектер. Мунун себеби эмнеде?
— Ооба, чындыгында көбү эркектер экен. Ырчылар менен да жакшы мамиледемин, арасынан досторум дагы бар. Бирок алар дагы балдар экен (күлүп). Кичинекейимден эле ушундаймын. Билбейм, мүнөзүм эркектердикине окшош болгондугуна байланыштуу болушу мүмкүн.
© Sputnik / Асель СыдыковаСырга Сагынбекова: кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнөң жылаңач калгандан коркуш керек.
Певица Сырга Сагынбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сырга Сагынбекова: кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнөң жылаңач калгандан коркуш керек.
— Кимди карап түздөнөсүз? Балким, ырчылардын арасынан кумириңиз бардыр.
— Апамдан башка эч кимди кумир тута албайм. Ырчылардын баарынан эле жакшы жактарын алсаң болот. Кыргыз ырчыларынын арасынан кичинекейимде Каныкей Алымбекованын ырларын угуп суктанып жүргөм. Анан, албетте, Мирбек Атабеков менен көбү дуэт ырдагысы келет, мен да ошолордун катарындамын.
— Сизге кайсы жерде ырдаган көбүрөөк жагат?
— Оркестр менен ырдагандан ырахат алам. Мага көбүнчө жандуу ырдаган ыңгайлуу. Башкалар мындай ырдагандан коркуп турса мен, тескерисинче, фонограмма менен чыкканда качан уят болуп калам деп кооптоно берем.
— Instagram баракчаңыздан колго тартылган сүрөттөрүңүздү көрүп калдым, сүрөтчүлүк өнөрүңүз да бар окшойт. Дегеле бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
— Бошоп калсам сүрөт тартканды жакшы көрөм. Анда эс алып калам. Негизи аябай кызыгып, академияга да окусамбы деп ойлоп, ишке ашпай калган. Азыр сүрөт тартуунун башка техникаларын да үйрөнөйүн деп жүрөм. Андан башка бийлеп турам. Фортепиано жана гитараны черте алам. Андан башка мыкты болбосо да комузда кол ойното билем.
© Фото / Руслан МыктаевСырга Сагынбекова: көп жана жалган сүйлөгөн, сөзүнө турбаган, мактанчаак жигиттерге жолобойм
Певица Сырга Сагынбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сырга Сагынбекова: көп жана жалган сүйлөгөн, сөзүнө турбаган, мактанчаак жигиттерге жолобойм
— Өзүңүз жазган ырлар да барбы?
— Ооба, жогоруда айткан "Суперменим" деген ыр өзүмдүн чыгармаларымдан. Бирок ал деле чыгармачыл кишилердин жардамы менен жаралган. Негизи досторум менен биргелешип иш алып барам, текстин мен жазсам, обонун башка бирөө же обонун мен текстин алар жазып чыгарабыз.
—Демек, “супермениңизге” арнап чыгарган турбайсызбы?
— Супермендей көргөн бирөөгө арнагам (күлүп). Бир досум экөөбүз ыр жазмак болуп, ага бир кезде жактырып жүргөн баланы укмуш сүрөттөп берипмин. Ал мени шылдыңдап "тим эле аны “супермен” кылып салдың го, "Сен, сен, сен, суперменим" деп кой да" деп калды. Ага жооп кылып мен да "Болоюн мен, мен, супер келин" деп улап каткырып жатып калдык. Ушундай да текст болмок беле деп жатып жакшы бир чыгарма жаралып калды.
— Анан ошол “супермениңиз” барбы дагы деле?
— Жок, ал жөн гана сырттан жактырып жүргөн жигит болчу да.
— Анда азыркы “супермениңиз” ким болду экен?..
— Дале күтүп жүрөм.
22-летний программист из КР Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Лейлектен АКШга жеткен Нурмухаммед: жүрөк өйүгөн кыялым үчүн келе бердим
— Мырзалардын кайсы сапатын баалайсыз же эмнеси сизден алыстатат?
— Өзүн да, бирөөнү да чектебеген, дүйнө таанымы кенен жана адамгерчиликтүү болсо жакшы. Мен көп анан жалган сүйлөгөн, сөзүнө турбаган жана мактанчаак жигиттерге жолобойм.
— Ошондой жигит сиздин кайсы мүнөзүңүзгө чыдашы керек болот.
— Тамак жасай албайм (күлүп), эркемин, эмоционалдуумун, бетке айтам.
— Келечекке кандай максат койдуңуз?
— Болгон күчүмдү чыгармачылыкка жумшайм. Эң негизгиси маданиятка салым кошуп, эл аралык конкурстарга катышкым келет. Анан коомдо болуп жаткан көйгөйлүү темаларды ыр менен көрсөткөнгө аракет кылам.
Жаңылыктар түрмөгү
0