БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 1 147 адам коронавирус менен ооруп калды, ал эми айыгып чыккан бейтаптардын саны 1 306 болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
COVID-19дун жаңы учуру кайсы аймактардан чыкты:
- Бишкек - 661
- Ош шаары - 8
- Чүй облусу – 153
- Ош облусу – 59
- Талас облусу - 20
- Нарын облусу - 26
- Ысык-Көл облусу – 52
- Жалал-Абад облусу – 95
- Баткен облусу - 73
Жогорку сандарды кошкондо Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 156 152ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 1 306 адам болсо, ооруну жеңгендердин жалпы саны 133 444тү түздү.
Өлкөдө COVID-19ду жуктургандардын саны арбып, бир нече күндөн бери оорудан каза тапкандардын саны ондон кемибей жатат.