Бишкектеги шайлоо участогундагы кыздар кайра шайлоо учурунда - Sputnik Кыргызстан

Бишкек, Ош, Токмок шаар кеңештеринин шайлоосу кандай өтүүдө. Сүрөт, видео баяндама

Жазылуу
Жаздагы, 11-апрелдеги Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештердеги добуш берүү мыйзамсыз иштер менен коштолгондуктан жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындан соң президент Садыр Жапаров кайра шайлоону дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.
Ашык-кеми жок үч айдан кийин, бүгүн Кыргызстандагы аталган үч ири шаарлардын депутаттарын шайлоо процесси кайра жүрүп жатат.
Sputnik Кыргызстан үч калаадагы добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салып, окурмандарга маалымат берип турмакчы. Бул материалдан шайлоо боюнча сүрөт, видеолорду көрүп, тексттерди окуп тура аласыз. Тексттик баяндама улам жаңыланып турмакчы.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
14:30 11.07.2021

Саат 14.00гө карата 105 362 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочунун 17,06 пайызын түзөт.

13:40 11.07.2021
Повторные выборы депутатов в городские кенеши - Sputnik Кыргызстан
13:17 11.07.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештерине кайрадан өтүп жаткан шайлоодо саат 12:00гө чейин 77 026 киши добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия билдирди.

БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров 11-апрелде жыйынтыгы жокко чыккан шаардык кеңештерди шайлоого салыштырмалуу бүгүн шайлоочулар көбүрөөк катышып жатканын айтты.

Шайлоочулардын жалпы катышуусу 12,47 пайызды түздү:

  • Бишкек шаары – 39 271 адам же жалпы шайлоочулардын 9,20 пайызы;
  • Ош шаары – 30 940 же 20,26 пайыз;
  • Токмок шаары – 6 815 же 17,89 пайыз.
11:53 11.07.2021
11:53 11.07.2021
Открытие Центра для детей с синдромом Дауна в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920
Таалайбек Сарыбашов кайрадан Ош мэри болгусу келерин айтты
11:37 11.07.2021

Ош шаарында №5307 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын бири бюллетенди тытып жиберди. Бул маалыматты аталган шайлоо тилкесинин төрайымы Гүлбара Алдыракова тастыктады.

Анын айтымында, бюллетенди тытып салган шайлоочу жаңылып, өзү каалабаган партияны белгилеп алганы менен түшүндүргөн. Бул окуя боюнча акт түзүлүп, тытылган бюллетень жараксыз деп табылган.

11:09 11.07.2021

Добуш сатып алуунун айынан "Ынтымак" партиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуудан чететтилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, "Ынтымак" партиясынан талапкер Бахадир Латиханов добуш сатып алуу фактысы менен кармалган. Милиция текшергенде анын жана агиттаторлорунун жанынан 115 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси чыккан. Муну негиз кылып "Общее дело" коомдук уюму Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) партияны жарыштан четтеттүү сунушу менен кайрылган. Бирок АШК аны канааттандырган эмес. Буга байланыштуу коомдук уюм БШКга даттанган. Боршайкомдун жумушчу тобу маселени комиссиянын жыйынына алып чыгып, "Ынтымакка" эскертүү берүүнү сунуштады.

БШК мүчөлөрү маселени карап жатканда партия лидери Марлен Абдрахманов жумушчу топтун чечимин колдоп берүүнү сурады. Бирок талкуу учурунда кырдаалга жараша Абдрахманов кайра сөз алып "эгер эскертүү берүү сунушун колдобосоңуздар, партияны жарыштан четтетүү тууралуу өзүм арыз жазайын, ошону колдоп бериңиздер. Анткени биз Бишкекте да катышып жатабыз, терс таасир этип калбасын" деп суранды.

Натыйжада БШК партия лидеринин арызынын негизинде "Ынтымакты" жарыштан четтетүүгө макул болду.
Мындан улам бюллетендеги тизмеден партиянын атын кол менен сызып салышкан.

10:42 11.07.2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча саат 10.00гө карата 35 506 шайлоочу добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын (617 517) 5,75 пайызыны түзөт.

10:35 11.07.2021
Повторные выборы депутатов в местные кенеши в Оше - Sputnik Кыргызстан
10:28 11.07.2021
09:59 11.07.2021

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов №5555 шайлоо участкасына барып добуш берди.

Бүгүн калаада 78 добуш берүү участкасы ачылган, ага 152 миң шайлоочу келип өз тандоосун жасай алат. 

Ош шаардык кеңешин депутаттарын кайра шайлоого сегиз партия катышып жатат.

09:55 11.07.2021
Повторные выборы депутатов в городские кенеши - Sputnik Кыргызстан
09:26 11.07.2021

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып жаткан талапкерлерди мыйзамды бузбоого чакырат.

Ал эми шайлоочуларга кайрылып, кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоо сунушталат:

  • Кыска номер – 1255;
  • WhatsApp – 0990 02-12-55;
  • Жарандардын кайрылуу номери – 0502001255;
  • Ишеним телефону – 0312 62-62-46;
  • Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40;
  • Элекрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg.

БШК өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз эрки менен эч кимдин кийлигишүүсүз тандоо жасоого чакырат.

09:06 11.07.2021

Коомдук тартипке 3000дей милиция кызматкери тартылып, ИИМ ушу тапта күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Рассмотрение дела о возврате партии Кыргызстан в предвыборную гонку Верховным судом КР - Sputnik Кыргызстан, 1920
3000 милиционер тартылат. Шайлоого карата ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
09:04 11.07.2021

Кайталап шайлоо өткөрүү үчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 425 532, Ошко – 148 370, ал эми Токмокко — 37 169 бюллетень жөнөтүлгөн.

09:01 11.07.2021

Айланасындагылардан коронавирус чыккандыктан президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен участкадан тыш добуш берди.

09:00 11.07.2021

Тизмеге жалпысынан 617 517 шайлоочу киргизилген. Бишкекте  426 699, Ошто — 152 718, Токмокто — 38 100 адам добуш берүү укугуна ээ.

08:59 11.07.2021

Кечээ участкадан тыш 3511 шайлоочу добуш берди.

08:55 11.07.2021

Саат 8.00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо башталды.

Бишкек шаардык кеңешине 18, Оштукуна 8, Токмок шаардык кеңешине э парти ат салышууда.

Үч калаанын тургундары 121 депутатты шайлайт, анын 45и Бишкек шаарында. 

Добуш берүү саат 20.00гө чейин уланат. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0