17:02 20 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7931
  • EUR98.5847
  • RUB1.1933
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо (59)
52 0 0

Коомдук тартипти сактоо үчүн 3000дей милиция кызматкери тартылган. Аларга элдик кошуундар дагы жардамдашат.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого карата милиция кызматкерлери бүгүндөн баштап күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коомдук тартипти сактоо үчүн 3000дей милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле элдик кошуундар дагы жардам көрсөтөт. Ал эми миңден ашуун милиционер шайлоо участкаларына бекитилген.

"Коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын ыкчам штабы түзүлдү. Коомдук тартипти камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын планы иштелип чыгып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык милицияларына жөнөтүлгөн. ИИМдин кызматкерлерине БШК менен биргеликте онлайн-методикалык окуулар өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери 9-12-июль күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул жекшембиде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул күнү 326 шайлоо участкасы ачылат.

Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо (59)

Тема боюнча

Ошто милиция добуш сатып алууга шектелген дагы бир талапкерди кармады
Кайра эле админресурс. Депутаттар шаардык кеңешти шайлоо өнөктүгүнө тынчсызданды
Белгилер:
шайлоо, милиционер, иштөө, тартип, көзөмөл

ЭҢ МААНИЛҮҮ