00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:30
10:30
3 мин
Тема дня
Как защищают трудящихся из КР в России - беседа с омбудсменом РФ
10:33
23 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө майыптыгы бар адамдарга санаторийде дарыланууга акчалай компенсация сунушталууда — кандай артыкчылыктары бар?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Лето, жара и сухостой - почему растёт риск пожаров и что делают службы спасения
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Билим алуу менен эс алууну айкалыштырса болот - Жайында китепканаларда жаштарга кандай шарт түзүлгөн?
13:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Дыйкандарды түпөйүл кылган чегирткелер – зыянкечтерге каршы күрөш кандай жүрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Песни народов мира — на Иссык-Куле пройдёт фестиваль традиционной культуры
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Согуштагы эрдиги Пафиловчулардан кем калбаган Жаманкул Жээнчороев
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
100% пошлины от Трампа: чем это грозит Кыргызстану
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Тарыхта алгачкы дүйнө чемпиону — Кыргызстанда көркөм гимнастиканын жаңы жылдызы жанды
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Гармонизация законов с требованиями ЕАЭС: В КР скорректировали антиупаковочный закон
20:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дыйкандарды түпөйүл кылган чегирткелер – зыянкечтерге каршы күрөш кандай жүрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Военно-Антоновкадагы баланын өлүмү боюнча комиссиянын жыйынтыгы чыкты

© Фото / Pexels / cottonbroСлучаи семейного насилия
Случаи семейного насилия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Мамлекеттик органдар менен министрликтерге бир катар тапшырмалар жана сунуштар берилген. Анын ичинде балдар үйүнүн директорун кызматтан бошотуу каралган.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча иш-чараларды жыйынтыктады.
Президенттик администрациянын билдиришинче, Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун сын-пикирин жана сунуштарын эске алуу менен корутунду чыгарылды.
Анда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу маселелери боюнча жүргүзгөн иштеринин деңгээли төмөн болуп жаткандыгына көңүл буруу зарыл экени айтылат.
Аялдарга жардам борбору коомдук бирикмесинин координатору Наргиза Аманбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Радио
Аманбаева: аксакалдар сотуна аялдарды да киргизүү зарыл
Ошондой эле мамлекеттик органдардын уюмдарынын жана аймактык түзүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай жаткандыгы аныкталган.
Мындан сырткары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен уюмдары, мекемелери ортосунда ведомстволор аралык координациялоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге, мамлекеттик органдарга жана уюмдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
  • Военно-Антоновка балдар үйүнүн жетекчилигинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу. Билим берүү жана илим министрлигине мыйзам бузууларга жана баланын өлүмүнө жол бергендиги үчүн аталган мекеменин директорун кызмат ордунан бошотуу жана башка кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталсын;
  • Бишкек шаарынын Биринчи май районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Чүй облусунун Сокулук районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки иши канааттандырарлык эмес деп табылып, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына маалым катта көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга жол берген бардык жооптуу кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна шайкештигин карап чыгуу сунушталсын;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана анын аймактагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн балдарды коргоо, камкордукка алуу жана асырап алуу, анын ичинде эл аралык асырап алуу маселелери менен алектенген кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык факторлорду жана одоно мыйзам бузууларды көрсөтүү. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө Мамлекеттик маалыматтар банкын жүргүзүү жана ал материалдарды андан ары кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү;
Министрлер кабинетине сунуш:
  • Военно-Антоновка балдар үйүнүн ишмердигин натыйжалуу көзөмөлдөбөгөнү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап чыгуу;
  • Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын тийиштүү кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткара албагандыгы боюнча жоопкерчилигин карап чыгуу;
  • Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар тарбияланган мекемелердин тарбиялануучуларынын ортосундагы мамилелерде мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо жана зомбулук фактыларын алдын алуу боюнча иштерди күчөтсүн;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги КРдин Адвокатурасы жана Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен биргеликте тергөө иштеринин бардык этаптарында Богдан Якуниндин кызыкчылыгын коргоо үчүн адистерди тартуу маселесин чечүү;
  • Ошону менен бирге эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар үчүн мекемелердеги өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча так жол-жоболор иштелип чыгып, аларды иш жүзүнө ашыруу.
Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуу болгон.
Балдардын укугун коргоочулар лигасы коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Радио
Турдубекова: кодекстин жаңы редакциясында балдар үйлөрүн жабуу каралган
Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон. Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген шек жаралып жаткандыгын айткан.
30-июнда Якуниндин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, бала сабалганы тастыкталган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү") боюнча иш козгогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0