Ошто бала уурдады делген киши кармалды. Шектүүнүн бөбөктү ээрчитип бараткан видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековНасилие над детьми в КР
Насилие над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Милиционерлер окуя болгон жердеги байкоочу камералардан эркек киши наристеге бир нерселерди сүйлөп, ээрчитип баратканын көрүп изине түшкөн.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында 2,5 жашар кызды уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.
Окуя 2-июлда болгон. Милицияга кыздын энеси арыз жазган.
"Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жердеги байкоочу камералардан 35-40 жаш чамасындагы эркек киши наристеге сүйлөп, ээрчитип баратканын көрүшкөн. Натыйжада Ак-Буура районунун криминалдык милиция кызматкерлери кызды аман-эсеп таап, ата-энесине өткөрүп беришкен. Шектүү 38 жаштагы Алай районунун Ч.А. аттуу тургуну экени аныкталган", — деп айтылат билдирмеде.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси менен ("Киши уурдоо") кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кичинекей кызга тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0