00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Дмитрий Балбекин - о юбилее, ролях и том, как меняется актер с возрастом
16:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
ЕС требует от Кыргызстана усилить контроль за экспортом - что происходит
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
«Кызым» тасмасы: балдардын коопсуздугу тууралуу коомду ойготкон жаңы фильм
19:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Максимальный репост
Что будет с рынками ЕАЭС на фоне кризиса на Ближнем Востоке
20:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бүтүрүүчү кыздын өлүмү боюнча министрликтин өкүлдөрү Кеминге барды

© Фото / пресс-служба МОН КРБүтүрүүчү кыздын өлүмүнө байланыштуу билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин тапшырмасы менен министрликтин кызматкерлери Кеминге барды
Бүтүрүүчү кыздын өлүмүнө байланыштуу билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин тапшырмасы менен министрликтин кызматкерлери Кеминге барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Киши колдуу болгон мектеп бүтүрүүчүсүнүн сөөгү токойдон табылган. Бүгүн ал окуган Кемин районуна Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү барып, сүйлөшүү жүргүздү.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бүтүрүүчү кыздын өлүмүнө байланыштуу билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин тапшырмасы менен министрликтин кызматкерлери Кеминге барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Министрликтин өкүлдөрү Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Түлөбаева, Жалил Садыков атындагы №1 орто мектептин директору, социалдык педагог жана класс жетекчи менен сүйлөшүшкөн.
"Жолугушууга милиция кызматкерлери да катышты. Алар фактылар менен тергөөнүн жүрүшү, ошондой эле коопсуздук жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралар тууралуу айтып беришти. Учурда мугалимдер, мектептин жана райондун педагогикалык курамы каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Бүтүрүүчү кыз мектепте. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Кеминдеги бүтүрүүчү кыздын өлүмү. Министрлик ата-энелерге кайрылды
Эске салсак, бүтүрүүчү кыз 21-июнда киши колдуу болгон. Ал мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Саат 11лер чамасында коңшусунун телефонунан чалып, анын үйүндө сугат иштери бүткөндөн кийин келерин кабарлаган. Ошол бойдон үйүнө барган эмес.
Кийин кылмышка шектелип мурда ээнбаштык жана алдамчылык фактылары менен бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы киши кармалган. Колго түшүрүлгөн киши кызга асылып, аны зордуктоого аракет кылганын, бирок кыз кыйкырып жардам сурай баштаганда коркуп кетип муунтуп салганын айткан. Кийин сөөгүн токойго жеткирүү үчүн башка коңшусунун автоунаасын алганы маалым болду. 
Жаңылыктар түрмөгү
0