https://sputnik.kg/20210619/5g-interneti-zhyl-sonunda-ishtep-bashtajt-1052924665.html
Калыков: Бишкекте жыл соңунда 5G интернети пилоттук негизде кирет
Калыков: Бишкекте жыл соңунда 5G интернети пилоттук негизде кирет
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Талант Калыков үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкөдө тесттик режимде 5G интернети иштей баштаарын айтты. 19.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-19T12:14+0600
2021-06-19T12:14+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
санарип
5g
интернет
талант калыков
https://sputnik.kg/img/07e5/06/12/1052915670_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_1a8f65889ca768cf5cf026e54ba2b9c6.jpg
Калыков: Бишкекте жыл соңунда 5G интернети пилоттук негизде кирет
Sputnik Кыргызстан
Калыков: Бишкекте жыл соңунда 5G интернети пилоттук негизде кирет
5G интернетин алгач сынамык иретинде борбор калаага орнотолу деп турабыз. Кайсы жерде болору азырынча белгисиз, соода түйүндөрүнүн бирине жайгашышы мүмкүн. Бул тууралуу Талант Калыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтмында, 5G интернетинин адам ден соолугуна тийгизген таасири учурда колдонулуп жаткан 4G интернетинен айырмаланбайт.Ошондой эле ал жалпы республика боюнча интернеттин сапатын жогорулатуу иштери да колго алынып жаткандыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/12/1052915670_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_668407f9848b598a10f22421a7408ab7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, санарип, 5g, интернет, талант калыков
коом, кыргызстан, санарип, 5g, интернет, талант калыков
Калыков: Бишкекте жыл соңунда 5G интернети пилоттук негизде кирет
12:14 19.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Талант Калыков үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкөдө тесттик режимде 5G интернети иштей баштаарын айтты.
5G интернетин алгач сынамык иретинде борбор калаага орнотолу деп турабыз. Кайсы жерде болору азырынча белгисиз, соода түйүндөрүнүн бирине жайгашышы мүмкүн. Бул тууралуу Талант Калыков
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, 5G интернетинин адам ден соолугуна тийгизген таасири учурда колдонулуп жаткан 4G интернетинен айырмаланбайт.
"5G интернетин Кыргызстанга ушул жылдын аягында алып келүүнү пландаштырып жатабыз. Сынамык иретинде ал борбор калаада гана иштейт. Ал эми жалпы калкка жайылтуу иштери колдонуучулардан көз каранды. Эгер эл талап кылып, ошого ылайыкташкан жабдыктар сатыкка чыгып колдонула баштаса, анда бат эле аймактарга да тарап кетет. Мисалы, 4G интернетин деле уюлдук операторлор 2020-жылы толук кандуу ишке киргизүүнү мерчемдешкен эле. Бирок эл өзү колго алып, талап пайда болгондуктан белгиленген мөөнөтүнөн эрте эле жайылып кетти. 5G тууралуу ар кандай такталбаган маалыматтар калк арасында тарап жүрөт. Анын баары чындыкка дал келбейт. Айтылып жүргөндөй, адам ден соолугуна же экологияга эч кандай зыяны жок. Болгону интернеттин ылдамдыгы жакшырат", — деди Калыков.
Ошондой эле ал жалпы республика боюнча интернеттин сапатын жогорулатуу иштери да колго алынып жаткандыгын кошумчалады.