Жаңы тариф боюнча электр кубатына канча төлөрүңүздү билип алыңыз. Калькулятор

© AFP / INA FASSBENDERЭлектросчетчик. Архив
Электросчетчик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Электр энергиясына жаңы тариф сунушталып жатат. Калк үчүн бирдиктүү төлөм катары киловатт-саатына 1,09 сом каралууда. Эми канча төлөө керектигин билип алуу үчүн ыңгайлуу калькулятор түздүк.
Жарык үчүн канча каражат сарптарыңызды билгиңиз келсе, "Бир айда канча электр энергиясы сарпталды (кВт/саат)" деген терезеге колдонгон киловаттын көлөмүн жазыңыз. Андан соң "Эсептөөнү" басыңыз.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сайтына өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору талкууга коюлду. Анда "баарын мурдагыдай калтыруу" жана "орто мөөнөттүү келечекте электр энергиясынын наркына тарифтер менен акырындап жетүү" каралган. Документте экинчи вариант ылайыктуу деп айтылган.
Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөгү электр энергиясынын тарифи  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Кыргызстандагы электр тарифи жана маяна. Башка өлкөлөр менен салыштыруу
Эске салсак, учурда бардык катмар үчүн электр кубатынын бир киловатт сааты 77 тыйынды түзөт. Ал эми кымбаттагандан кийин (өзгөчө шарт менен каралгандарды албаганда бардык абоненттер үчүн 700 киловатт саат) 2,16 сом болуп калмакчы.
Калк үчүн мындай тарифтер сунушталууда: бийик тоолуу аймакта жана татаал шарттагы жерлерде жашагандар үчүн 700 киловатт сааттык (кышында 1000 киловатт саат) лимитти алып коюу жана бирдиктүү 1,09 сомдон кылуу;
ал эми калгандар үчүн электр кубатын колдонуу нормасын (күз-кышта 1000 кВт-саатка чейин көбөйүшүн эсепке албаганда) алып салуу. Мында тариф бир киловатт саатка 1,09 сомду түзөт. Күз-кыш мезгилинде 1000 киловатт сааттан ашып кетсе 2,52 сом болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0