"Кимдин ким экенин көрсөтөбүз": НАТО күчтөрү Украинада топтолууда

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраино-американские учения Fearless Guardian - 2015
Украино-американские учения Fearless Guardian - 2015 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Миңдеген жоокер, жүздөгөн техника, ондогон учак жана кемелер... Украина НАТО менен биргеликте Sea Breeze 2021 окууларына даярданууда.
Москвадагылар күчтөрдүн аскердик даярдыгын текшерүүдөн тышкары Пентагондун тымызын көздөгөнү да бар экенин боолголойт. Андрей Коц Украинадагы бул ири аскердик иш-чаранын даярдыгына баам салган.
Украинской АЗС Воловец на западе Украины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
АКШ, Россия жана Европа Украинага каршы бирикти
Украиналык аскердик мекеменин расмий маалыматтарына ылайык, бул машыгууга төрт миңге чукул аскер кызматкери, 40 аскердик кеме, катер жана тейлөө кемеси, 30 учак жана тик учак, ошондой эле 100дөн ашуун жердеги аскердик техника бирдиги тартылат.
Формалдуу максаты — НАТОнун күчтөрү менен украиналык армиянын өз ара аракеттешүүсүн жакшыртуу. Сценарий боюнча коалициялык топту "коңшу өлкө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн ишмердигинен улам жаралган "каатчыл кырдаалды турукташтырууга" тартышат. "Мыйзамсыз түзүмдөр" Донбасс Эл Республикасы жана Луганск Эл Республикасынын Элдик милиция бөлүмдөрү экенин түшүнүү үчүн саясат таануучу болуунун деле зарылдыгы жоктур.

Эки баскычта

Иш-чаранын деңиз жаатындагы бөлүгүндө көп улуттуу кеме бирикмесин түзүү жана ишин уюштуруу, флоттун кургактагы күчтөр жана авиация менен өз ара аракеттешүүсүн жөнгө салуу, деңиз десантын колдонуу боюнча машыгуу өтөт.
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Байден "Путиндин курьерине" айланып бара жатат. Кырдаалга сереп
Кургакта НАТОнун стандарттары боюнча операцияларын штабдуу пландоо, күчтөрдү жана каражаттарды жеткирүү, деңиз жээгиндеги багытка чабуул жасоого машыгышат. Авиация абадан чалгындоо жүргүзүп, буталарына сокку уруп, ошондой эле күчтөрдү жана жүктөрдү ташыйт.
Окуу эки баскычта өтөт. 28-июнда баштала турган биринчисинин алкагында башкаруу жана байланыш пунктулары ачылып, операциялар пландалып, согуштук кеме отряддары түзүлүп, авиация таркатуу аэродромдоруна жайгаштырылат.
Экинчи баскычта союздаштардын аскердик күчтөрү шарттуу душмандын суу бетиндеги жана суу түбүндөгү кемелерине колдо болгон бардык каражаттар менен сокку уруп, жердеги буталарга чабуул коюп, абадан жана суудан коргонууну уюштурушат.

Атайын багыттагы бөлүк көңүл чордонунда

Булардын баары Москваны тынчсыздандырбай койбойт, себеби окуунун активдүү фазасы россиялык чек араларга жакын жерде өтмөкчү. РФ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенковдун айтымында, Россиянын аскердик мекемеси Sea Breeze иш-чарасына тыкыр көз салып, түзүлүп жаткан абалга акылгөйлүк менен чара көрөт.
Германиядагы Түндүк агым – 2 газ түтүктөрү станциясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Киев АКШдан "Түндүк агым – 2" боюнча санкцияларды кайтарууну талап кылууда
"Окуулар Россияны түштүк-батыш чек араларда аскердик потенциалын өрчүтүп жатканына Батыш тынымсыз айыптап турган маалда өтүп жатат, — дейт Конашенков. — Ал гана эмес, НАТО машыгууларга жамынуу менен украиналык күчтөргө заманбап курал-жарак, ок-дары жана материалдык мүлк жеткирүүнү көздөйт. Мурдагы жылдардай эле эми да булардын баары Украина куралдуу күчтөрү жана Киевдин көзөмөлүнөн тыш Донецк жана Луганск облустарына жакын жайгашкан улутчул түзүмдөргө жөнөтүлөт".
Окуулар макамы жана аталышы боюнча деңиздик болгону менен аскердик активдүүлүктүн чыныгы чеги Кара деңиз акваториясынын украиналык тилкесинен өтүп кетип жатканын баса белгилейт генерал. Тапшырмаларды аткаруу, парашюттан десанттык, тик учактардан чабуул, ошондой эле атайын операциялар үчүн жабдылбаган жээктерге жоокерлерди түшүрүүдө НАТОго мүчө-мамлекеттердин атайын багыттагы бөлүктөрүнүн өз ара аракеттешүүсүнө басым жасалары белгилүү. Буга дейре Киев "оккупацияланган" Крымда Украинанын Атайын операциялык күчтөрү согуштук аракеттерди жүргүзүүгө даярдыгын жар салып келген. Батыштык союздаштары муну иш жүзүндө текшерүүгө белсенгени айдан ачык.

Күчүн көрсөтүү

Sea Breeze — соңку убакта Кара деңиз чөлкөмүндө Россияга каршы НАТОнун жалгыз чагымчыл аракети эмес. 28-майда Португалия жээктеринде Steadfast Defender аскердик-деңиз окуулары башталган. Жакын арада алар Кара деңизде өтөт. Бириккен эскадранын флагманы — британиялык Queen Elizabeth авиаташуучусу. Бул аталган кеме үчүн алгачкы ыраак деңиз "саякаты" болду. Ал эми машыгууга жыйырманын тегерегиндеги кеме катышууда. Британиялык Daily Mail газетасы маалымдагандай, аталган аскердик окуулар келерки айдын ортосунда Женевада пландалган россиялык-америкалык сүйлөшүүлөргө атайын туш келтирилген. Басылма Владимир Путин менен Жо Байдендин жолугушуусун утурлай НАТО Кремлге ишарат кылуу ниетинде атайын аскердик-деңиз күчүн көрсөтүп жатат деп эсептейт.
Javelin комплексинен ок атып жаткан АКШ аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
АКШ Украинага жаңы курал берет. "Жавелин" комплекстеринин саны артты
Анткен менен кайра эле түндүк атлантикалык альянс машыгуулардын Россияга эч кандай тиешеси жоктугун, тек гана чөлкөмдө Батыштын таасирин чыңдоого багытталганын айтып актанат. Ошентсе да британ журналисттери бул күчтү көрсөтүү деп маалымдоодо.
Тегин жерден Брюссель Кара деңизге күчтүү эскадрасын жана тогуз миң аскер кызматкерин жөнөтпөгөн чыгар. Планетанын күчтүү аскердик блогунун мындай аракеттерине, болгондо да алардын өздөрүнө жараша чара көрүүгө туура келери түшүнүктүүдүр. Бул айда "Батыш – 2021" россиялык-белоруссиялык биргелешкен окууларына кызуу даярдык башталды.
Иш-чара Беларустун жана Батыш аскердик округунун полигондорунда сентябрда өтмөкчү. Эки өлкөнүн армиялары союздаш мамлекеттин территориясына кирип келген болжолдуу душмандын күчтөрүнүн мизин кайтарууга, атап айтканда, чабуулдук топтун урбанизацияланган аймактагы биргелешкен аракет көрүүгө машыгышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0