https://sputnik.kg/20210610/ajyp-pul-zhenildik-toloo-40-kungo-uzartuu-1052808734.html
Депутат айып пулду 50% жеңилдик менен төлөө мөөнөтүн 40 күнгө узартууну сунуштады
Депутат айып пулду 50% жеңилдик менен төлөө мөөнөтүн 40 күнгө узартууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн парламентте айып пулдун суммасын 70 пайызга чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. 10.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-10T18:09+0600
2021-06-10T18:09+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
депутат
айып пул
мөөнөт
жеңилдик
айдоочу
https://sputnik.kg/img/104400/03/1044000342_24:0:3644:2047_1920x0_80_0_0_6a2596208f97eff8fb27cfb4fcc117e4.jpg
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жол эрежесин бузуу боюнча салынган айып пулду 50 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөнөөтүн 15 күндөн 40 күнгө жылдыруу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.Бүгүн парламентте айып пулдардын суммасын 70 пайызга чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.Андан соң ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул сунуштар эске алынарын айтты.Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө айдоочу жол эрежесин бузганы үчүн салынган айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө суммасы 50 пайызга кыскарат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104400/03/1044000342_370:0:3626:2047_1920x0_80_0_0_d1fbecd7fd0633aeca27a3ba570aafff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, депутат, айып пул, мөөнөт, жеңилдик, айдоочу
жаңылыктар, коом, кыргызстан, депутат, айып пул, мөөнөт, жеңилдик, айдоочу
Депутат айып пулду 50% жеңилдик менен төлөө мөөнөтүн 40 күнгө узартууну сунуштады
18:09 10.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бүгүн парламентте айып пулдун суммасын 70 пайызга чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жол эрежесин бузуу боюнча салынган айып пулду 50 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөнөөтүн 15 күндөн 40 күнгө жылдыруу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.
Бүгүн парламентте айып пулдардын суммасын 70 пайызга чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
"Кээ бир кесиптештерибиз 30 күн деп атышат. Бирок кеминде 40, болбосо 60 күн кылыш керек. Себеби учурда берилип жаткан 15 күндүк мөөнөт айлык алганга чейин жетпей же нары, же бери эмес болуп калат экен. Ушундай кылып оңдоп келгиле, анан биз экинчи окууда колдоп берели. Эгер 40 күн кылбасаңар, биз бардыгыбыз каршы чыкканга аракет кылбыз", — деди Осмонов.
Андан соң ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул сунуштар эске алынарын айтты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө айдоочу жол эрежесин бузганы үчүн салынган айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө суммасы 50 пайызга кыскарат.