Кара-Суу милициясында иштеген тергөөчү аял пара алып жатканда кармалды. Сүрөт
16:34 09.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021)
© Фото / пресс-служба ГКНБОш облусунун Кара-Суу райондук ИИБдин тергөөчүсү Б.Г.И. аттуу аял 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Жазылуу
Ишти оң жагына чечип берем деп пара сураган тергөөчү аял, милициянын улук лейтенанты учурда тергөө абагына киргизилди.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБдин тергөөчүсү Б.Г.И. аттуу аял 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба ГКНБУКМК кызматкерлери ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында кечээ, 8-июнда, 20 миң сомду алып жаткан жеринен кармаган
УКМК кызматкерлери ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында кечээ, 8-июнда, 20 миң сомду алып жаткан жеринен кармаган
© Фото / пресс-служба ГКНБ
"Зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн А.М.А. аттуу жарандан Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Б.Г.И. 20 миң сом өлчөмүндөгү акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК кызматкерлери ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында кечээ, 8-июнда, 20 миң сомду алып жаткан жеринен кармаган.
Тергөөчү аял УКМКнын Ош шаардык жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилип, учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.