https://sputnik.kg/20210602/bishkek-mehriya-ishke-chykpaj-kojgon-ajdoochular-1052692168.html
Бишкек мэриясы маршрутка айдоочуларынын иш ташташы боюнча үн катты
Бишкек мэриясы маршрутка айдоочуларынын иш ташташы боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Айдоочулар ушул жылдын 18-январь күнү тариф саясатын кайра карап чыгуу талабын коюшкан. 02.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-02T10:06+0600
2021-06-02T10:06+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
маршрутка
айдоочу
мэрия
бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
https://sputnik.kg/img/07e5/06/02/1052690625_0:218:1280:941_1920x0_80_0_0_d85b438303779174f55505a9be68283a.jpg
БИШКЕК, 2-июн — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаада жүргүнчү ташыган микроавтобус айдоочуларынын ишке чыкпай коюшу боюнча үн катты.Айдоочулардын иш ташташыЖүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-январында да 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.1-июнь күнү муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.Ошол эле күнү социалдык тармактарда маршрутка айдоочулары кайрадан иш таштай тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган.Бүгүн Бишкекте эртең менентен баштап жолдогу машиналардын көптүгүнөн тыгын жаралууда.Автобустар менен троллейбустарда киши көп. Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып тургундар нааразы болуп жатышат.Учурда Бишкекте абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
https://sputnik.kg/20210602/bishkek-kajradan-tygyndyn-kapshabynda-kaldy-1052691080.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/02/1052690625_0:156:1280:961_1920x0_80_0_0_f309d3c7a98482022ee47afee8776e4b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, маршрутка, айдоочу, мэрия, бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, маршрутка, айдоочу, мэрия, бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
Бишкек мэриясы маршрутка айдоочуларынын иш ташташы боюнча үн катты
10:06 02.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Айдоочулар ушул жылдын 18-январь күнү тариф саясатын кайра карап чыгуу талабын коюшкан.
БИШКЕК, 2-июн — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаада жүргүнчү ташыган микроавтобус айдоочуларынын ишке чыкпай коюшу боюнча үн катты.
"Бир нече күн мурда мэрияга жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери кайрылып, чакан автобустар ишке чыкпай коюшу мүмкүн экенин кабарлашкан. Анткени муниципалитет келишимди аткарбаган фирмалар менен кызматташууну токтотуп кое алат. Бул фирма жетекчилерине эч бир пайда алып келбейт. Кечээ кечинде айдоочулар толугу менен иштей турганы кабарланган. Эртең мененки саат бештен бери мэриянын транспорт жаатына жооп берген бөлүмдөрү фирма жана айдоочулар менен сүйлөшүп жатат", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-январында да 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда
шаардыктардын кароосуна сунуштаган.
1-июнь күнү муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.
Ошол эле күнү социалдык тармактарда маршрутка айдоочулары кайрадан иш таштай тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган.
Бүгүн Бишкекте эртең менентен баштап жолдогу машиналардын
көптүгүнөн тыгын жаралууда.
Автобустар менен троллейбустарда киши көп. Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып тургундар нааразы болуп жатышат.
Учурда Бишкекте абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн
тексттик трансляциядан билүүгө болот.