00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Элге арзан дары жеткирбегендерди салыктан бошотуп кереги жок. Мариповдун сунушу

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Өкмөттө кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармектер менен медициналык буюмдардын тизмесин талкуулоо боюнча кеңешме өттү.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кошумча нарк салыгынан бошотуу баалардын төмөндөшүнө таасир эте албаса, жеңилдиктерди берүүнүн кажети барбы? Актуалдуу болуп жаткан мындай маселени министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынында көтөргөн.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин талкуулоо боюнча кеңешме өттү.
"Биздин негизги милдеттерибиздин бири – калкты дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыздоо. Салыктык жеңилдиктин айынан республикалык бюджет жыл сайын 25 миллиард сомго чейин жоготууда. Дары-дармек каражаттарына белгилүү жеңилдиктер болушу керек. Негизги товарлар Россиядан келет, бирок андагы жана бул жердеги бааларды салыштыра келгенде айырма чоң. Жеткирүүчүлөр жана дарыкана тармагы акча табышат, ал эми карапайым калк кыйналууда. Эгерде КНС төлөөдөн бошотуу баалардын төмөндөшүнө таасир эте албаса, жеңилдиктерди берүү режимин пайдалануунун кажети барбы", — деп суроо салган Марипов.
Министрлер кабинетинин башчысы КНСтен бошотулган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жаңы тизмесин аныктоо маанилүү экендигин баса белгилеген.
Бронхиалдык астмага ингалятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Астмадан жабыркагандарга 90% жеңилдик менен берилчү дарылар. Тизме
КНСтен бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси 2013-жылы бекитилген.
"Тизмеде жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди гана калтырып, калгандары үчүн КНС киргизүүнү сунуштайм. Кеңешмелерде талкуу жүрүп жатканы менен жаңы аны аныктай албай келебиз. Эгерде кийинки кеңешмеге себептери негизделген жаңы тизме даяр болбосо, анда көптөгөн жетекчилер менен коштошууга аргасыз болобуз. Антпесе бул узакка созулуп, дары-дармекти жеткиликтүү баада сатып ала албаган катардагы жарандар жапа чегип калат", — деген Марипов.
Маалымат кызматынан кошумча нарк салыгынан бошотулган дарылар менен медициналык буюмдардын саны 161ге жеткенин билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0