Турдубаева: онлайн билим берүүнүн келечеги кең
13:40 17.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Табылды КадырбековОнлайн-университеттин негиздөөчүсү жана ректору Элира Турдубаева
Жазылуу
Онлайн-университеттин негиздөөчүсү жана ректору Элира Турдубаева онлайн-окутуу билим берүүнүн келечеги боло тургандыгын айтты.
Онлайн-университет Орто Азия боюнча алгачкылардан болуп Кыргызстанда ачылып, студенттерге, мугалимдерге пандемиянын шартында аралыктан вебинарларды өткөрдү. Бул тууралуу Элира Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Турдубаева: онлайн билим берүүнүн келечеги кең
Анын айтымында, онлайн-университеттин артыкчылыгы — ар бир студент өз алдынча иштеп, ылайыктуу убакытты тандап, каалаган жерден билим алуу мүмкүнчүлүгү болгонунда.
"Онлайн билим берүү — мезгилдин талабы. Буга пандемия да себеп болду. Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндөгү бардык билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өттү. Ага байланыштуу 2020-жылдын май айында өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын мугалимдери чогулуп, атайын демилгечи топ түзүп онлайн-университет ачтык. Алгач мугалимдерге аралыктан окутуунун платформаларын, техникасын, методдорун акысыз вебинарлар аркылуу үйрөттүк. Университеттин максаты — ар бир адамга сапаттуу, жогорку билим берүү. Демек айылда, шаарда, чет өлкөдөгү жарандар да билим алып, кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанда онлайн-окутуу боюнча мыйзам жок болгондуктан университет ачууга лицензия берилбей келет. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек экен. Учурда мындай долбоорду Россия ишке ашырып жатат. Алар онлайн-курстар менен баштап, бакалавр, магистратура жана кесиптик колледждерге да лицензия берүүдө", — деди Турдубаева.
Ошондой эле адис студенттерди онлайн-окутууда мугалим менен эффективдүү кайтарым байланыш курууга жол ачыларын кошумчалады.