Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп

© AFP / JOHN MOOREОтправка американских военных в Афганистан
Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Пентагондун базаларынын Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияда орун алышы ойрондотуучу жагдайга кептеши ыктымал, муну ондогон жылдар бою Афганистан, Ирак, Сириядагы кан күйгөн согуштар тастыктап турат.
Афганистандан АКШнын аскердик аэродром жана башка объектилерин Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан же Кыргызстанга көчүрүлүшү саясий жактан да, иш жүзүндө да аткарылгыс ой. Анткени Афган Ислам Республикасындагы согуш логикасын өзгөртпөйт, чөлкөмдүн азыркы коопсуздук тутумун талкалоо коркунучун туудурат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул жаатта ой толгогон.
The Wall Street Journal басылмасы маалымдагандай, АКШ Афганистандан чыгарыла турган күчтөрдү Борбор Азия өлкөлөрүндө жайгаштырууга ниеттенет. Пентагонго мындай базалар жеке курам, учкучсуздар, учкуч менен тескелген бомбалоочу жана артиллериялар үчүн зарыл.
Жайгашууга болжолдуу жерлер катары Афганистандын түндүгүндөгү коңшулары жана Перс булуңундагы мамлекеттер да каралууда.
Вашингтондон расмий өтүнмөнү Бишкек да, Душанбе да, Ташкент жана Нур-Султан да ала элек өңдүү. Бирок америкалык маалымат каражаттарына тегин жерден тарабаган маалыматтар чөлкөмдөгү коомдук-саясий тынчсызданууга себеп болууда.
Афганская национальная армия в Парване - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Афганистандын түндүгүндө талибдер активдешти. Кырдаал кандай өңүт алат?
Өзбекстандын Коргоо министрлигинен билдиришкендей, коргоо доктринасында, Конституцияда, 2012-жылдан берки өлкөнүн тышкы саясатынын концепциясында республиканын аймагына чет элдик аскердик базалар жана объектилерин жайгаштыруу каралган эмес. Коргоо министрлигинин позициясы кыйла анык, ошентсе да Ташкентте саясий чечимдер башка деңгээлде кабылданат. Зарылдыгы болсо чет элдик аскердик базаны (иш жүзүндө), маселен, юридикалык жактан биргелешкен машыгуу же логистикалык борбор деп атоого болот.
9-майда Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун (Москвадагы Жеңиш парадына КМШ өлкөлөрүнөн катышкан жалгыз лидер) Россияга болгон сапары постамерикалык афган тематикасы боюнча россиялык президент Владимир Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү катары көрүнөт.
Тажикстандын Афганистан менен эң ири (жана аяр) чек арасы бар. Пентагонго ислам республикасынын түндүк провинцияларына жапжакын, Пянж дайрасынын жээгине "лагерь куруу" ыңгайлуу болмок. Анткен менен Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөсү. Республиканын аймагында 201-россиялык аскердик база жайгашкан. Андан сырткары, мында дээрлик бүт планетанын үстүндөгү мейкиндикке көз сала алчу "Окно-М" жайгашкан. Бул россиялык оптикалык-электрондук комплекс космостук объектилерди аныктайт.
Булардын баары ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоочу стратегиялык элементтер, иш жүзүндө Россиянын алдыңкы чеги. Бул державага карата АКШ "ооздуктоочу" кастык саясатын ачык эле жүргүзүп келет.

Чыгыш кылдаттыкты талап кылат

Москванын Кызыл аянтындагы Жеңиш парадын утурлай россиялык президент Владимир Путин Кремлде тажик лидери Эмомали Рахмонду кабыл алган. Мамлекет башчылар сүйлөшүүлөрдө "Афганистандагы абалга байланыштуу тынчсызданууларын" билдиришти.
Тараптар Афганистандан Вашингтондун америкалык күчтөрдү Тажикстанга көчүрүү планын талкуулаганы да турулуу иш. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө азырынча жоромолдой гана алабыз.
Экинчи жагынан The Wall Street Journal май айы жаңырганы АКШ армиясынын "афган" контингентин Өзбекстан жана Тажикстанда жайгаштырылышы мүмкүн деп кайра-кайра кайталай берди. Бул чөлкөмдө Россиянын жарым-жартылай болсо да аскердик орун алышы жана Кытай (АКШ менен чыңалган алакасы бар) менен коңшу болгонуна карабай Вашингтондун аталган өлкөлөрдүн биринде америкалык аскердик базасын киргизүүгө катуу белсенгенин айгинелейт. Америкалык басылманын расмий булагы соңку факторлор жоюлбай кетпей турганын, болгону "Борбор Азияга жайгашуу боюнча пландарды татаалдаштырат".
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Америкалыктар Россияга "афган бомбасын" таштаганы турабы?
The New York Times басылмасы Пентагон, америкалык чалгындоо агенттиги жана батыштагы союздаштары Афганистандан күчтөрдү жана сокку уруучу авиацияны коңшу Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанга көчүрүүнү талкуулоодо. The Wall Street Journal булактарында эмнеге Казакстан айтылбаганы түшүнүксүз. Албетте, долбоордун чоо-жайы коомчулукка толук ачыкталган жок, көп нерсе дале жашыруун бойдон.
Афганистан боюнча АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзаддын Өзбекстан жана Тажикстандагы апрелдеги сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби да так белгисиз. Эске салсак, апрель айынын башында Пентагондун делегациясы жумушчу сапары менен Өзбекстанда болгон. Аны АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын Стратегиялык пландоо жана саясат башкармалыгынын (CENTCOM) жетекчисинин орун басары, бригадалык генерал Дюк Пирак жетектеп барган. Пентагондун республикага кызыкчылыгы узак жана көп тараптуу. Кошмо Штаттар чөлкөмдөгү аскердик-саясий окуяларды көзөмөлдөөгө умтулат.
Республика Россия жана Кытайдын таасирине каршы Кошмо Штаттардын түз жана кыйыр күрөшү үчүн өзүнчө бир аянтча катары кызмат кылат. Тажикстандан айырмаланып "блоктун тышындагы" Өзбекстан Ханабаддагы АКШ армиясы менен өз ара аракеттешүүнүн жагымсыз тажрыйбасына карабастан, Вашингтон үчүн ыңгайлуу сүйлөшүүчү болушу мүмкүн.
Пентагон жана анын союздаштары өкмөттүк күчтөр менен талибандын* (башка террордук топторду эсептебегенде) куралдуу тиреши күчөп бараткан ислам республикасынан кетүүдө. Согушкер-моджахеддер менен күрөш аяктай электиги айкын. Жакыныраак жерде аскердик контингентин, "күч проекциясынын" инструменттерин сактап калуу үчүн ушул тапта америкалыктар жанталаша Афганистандан чыгуунун жолун издөөдө. Ошону менен бирге эле Пентагон узак мөөнөттүү керт кызыкчылыгын ойлоодо.

Чөлкөм үчүн эки вариант

Мурдараак АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы генерал Марк Милли америкалык күчтөр чыккандан кийин Афганистандагы абалдын кандай нук аларын мындайча божомолдогон: "Мында эки гана вариантты көрүп турам: жаман же өтө жаман болот". Ушундай бүтүм бүтүндөй чөлкөмгө чагылышы ыктымал. Афганистандын америкалыктар тарабынан окуудан өткөн, куралданган, жабдылган 350 миңдик армиясы талибдердин жана ИМдин* согушкерлеринин 50 миңдик "бөлүктөрүнө" татыктуу туруштук берүүгө жөндөмсүз. Өткөн аптада Афган Ислам Республикасында согуштук аракеттердин интенсивдүүлүгү күч алды, анын кесепетинен күч органдарынын 211 өкүлү жана 15 жай жаран набыт болду. 315 согушкер жок кылынды (өлтүрүлгөн согушкерлер көп санда айтылганы менен Афганистанда алардын саны улам артып барат).
Түндүктөгү Баглан провинциясынын Баглани-Маркази районунда "Талибандын"* согушкерлеринин кол салышы бир топ дүрбөлөңгө салды, натыйжада алар өкмөттүк күчтөрдүн алты аскердик базасын жана жети постун басып алышкан (ошону менен бирге эле 100дөн ашуун жоокер талибдерге багынып берген).
Оперативная база США в провинции Нангархар. Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
ЖМК: АКШ Афганистандан чыгарылган аскер күчүн Борбор Азияга жайгаштырабы?
Айыгышкан салгылаштар Вардак, Газни, Гильменд жана Кундуз провинцияларында да болгон. Эске салсак, сандык жана сапаттык курамы (согуштук тажрыйбасы жана куралдануусу) моджахеддерге Афганистандын чегинен тыш да операция жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Төрт күн ичинде эле Афганистандын аймагынан пакистандык чек арачы жана аскер кызматкерлерине экинчи ирет чабуул коюлганы жөнүндө маалымат чыккан. Натыйжада Белужистан провинциясында үч пакистандык чек арачы шейит болгон.
Издөө боюнча атайын операциядан майнап чыккан эмес. Пакистандагылар согушкерлердин активдешүүсү Афганистандан НАТО күчтөрүнүн чыгарылышына байланыштуу деп эсептешет. Борбор Азиядагы чектешкен өлкөлөр үчүн да бир топ кооптуу фактылар.
Кабулдагы өкмөттү Тажикстан жана Өзбекстандын аймагынан аскердик колдоо боюнча Вашингтондун чөлкөм жаатындагы пландары тууралуу азырынча жагдай анык эмес. Ошентсе да мыйзам ченемдүү түрдө маселе туулат: Пентагон жана анын НАТОдогу союздаштары Афганистандын аймагында туруп 20 жыл аралыгында талибдер менен болгон согушта жеңишке жете алышпады. Америкалык күчтөр Борбор Азияга "жер которгон" соң эмне өзгөрөт?
Балким Афганистан – Россия менен Кытайды "ооздуктоо" үчүн чөлкөмдө калууга тек гана шылтоодур. Мындай кыйратуучу саясат борбор азиялык өлкөлөр үчүн эки эсе кооптуу.
* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0