https://sputnik.kg/20210512/centerra-kyrgyzstandyn-sayasatyna-iyligishken-1052470954.html
Жапаров: Centerra Кыргызстандын саясатына кийлигишип, шайлоого таасир эткен
Жапаров: Centerra Кыргызстандын саясатына кийлигишип, шайлоого таасир эткен
Sputnik Кыргызстан
2011-2012-жылдары Centerra Gold Inc. 10 миллион доллар демөөрчүлүк каражатты мыйзам бузуу менен которгон. 12.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-12T15:44+0600
2021-05-12T15:44+0600
2021-12-15T22:53+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
"кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
акылбек жапаров
centerra gold inc
компания
кумтөр
https://sputnik.kg/img/103578/64/1035786412_0:352:6016:3753_1920x0_80_0_0_6fe96fe9db1e866102ae343ae38c5832.jpg
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кумтөрдөн алтын казган Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандын саясий процессине кийлигишип, президенттик шайлоого таасирин тийгизген. Бул туурасында "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирди.Ал 2011-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге 10 миллион доллар которгонун айтууда.Ошондой эле ал курула турган объектилердин тизмеси финансы министри тарабынан февраль-март айында бекитилип, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети менен макулдашышы зарыл болгонун белгиледи.Комиссия буга чейин аталган компаниянын которгон каражаты тууралуу маалымат берген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103578/64/1035786412_0:162:6016:3943_1920x0_80_0_0_b195809a025bfe5eeda3532584210766.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, "кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы, акылбек жапаров, centerra gold inc, компания, кумтөр
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, "кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы, акылбек жапаров, centerra gold inc, компания, кумтөр
Жапаров: Centerra Кыргызстандын саясатына кийлигишип, шайлоого таасир эткен
15:44 12.05.2021 (Жаңыртылды: 22:53 15.12.2021) 2011-2012-жылдары Centerra Gold Inc. 10 миллион доллар демөөрчүлүк каражатты мыйзам бузуу менен которгон.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кумтөрдөн алтын казган Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандын саясий процессине кийлигишип, президенттик шайлоого таасирин тийгизген. Бул туурасында "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы
Акылбек Жапаров жыйында билдирди.
Ал 2011-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге 10 миллион доллар которгонун айтууда.
"Комиссия аябай кызыктуу фактыны таап чыкты. 2011-2012-жылдары Centerra Gold Inc. демөөрчүлүк каражатты мыйзамдарды бузуу менен которгон. Ал борбордук казыналык системадан тыш колдонулган. 2011-жылы сентябрда Centerra компаниясы Жарандык турак жай куруу департаментинин эсебине РСК банкы аркылуу 10 миллион доллар которгон. Ага курула турган объектилердин тизмеси премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан 13-сентябрда бекитилген. Бул президенттик шайлоого чейин жана үгүт маалында болгон. Centerra Кыргызстандын саясий процессине одоно кийлигишкен, өлкө президентин шайлоого таасир эткен", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал курула турган объектилердин тизмеси финансы министри тарабынан февраль-март айында бекитилип, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети менен макулдашышы зарыл болгонун белгиледи.
Комиссия буга чейин аталган компаниянын которгон каражаты тууралуу
маалымат берген.