Жапаров Акылбек Үсөнбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жапаров Акылбек. Архив
Депутат Жапаров Акылбек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акылбек Жапаров 1964-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Билими жогору.

1986-жылы Фрунзенин политехникалык институтун "инженер-куруучу" адистиги боюнча, 2002-жылы Бишкектин каржы-экономикалык академиясы "каржы жана салык системалары" адистиги боюнча бүтүргөн. Экономика илимдеринин доктору.

Эмгек жолу:

  • 1986-1987 — Фрунзе политехникалык институтунунун кичүү илимий кызматкер, окутуучусу
  • 1987-1991— ФПИнин комсомол комитетинин катчысы. ВЛКСМ БКнын мүчөсү
  • 1991-1992 — "Толкун" ЖЧК чарбалык ишканасынын башкы директорунун орун басары 
  • 1992-1993 — КР президенттик аппаратынын жаштар саясаты маселеси боюнча бөлүм башчысы, КР өкмөттүк аппаратынын жаштар саясаты маселеси боюнча бөлүм башчысы 
  • 1993-1995 — КСДПнын жооптуу катчысы – аппарат жетекчиси
  • 1995-1996 — КРдин биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы
  • 1996-1997 — КР президентинин алдындагы Баалуу кагаздар боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, комиссиянын катчысы
  • 1997-2000 — КР Каржы министрлигинин башкы инспектору, Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы төлөмдөрдү алуу башкармалыгынын жетекчиси
  • 2000-2005 — Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйынынын депутаты, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча комитеттин төрагасы. "Кыргызстандын аймактары" депутаттык тобунунун мүчөсү
  • 2006 — каржы министринин милдетин аткаруучу 
  • 2006-2007 — экономика жана каржы минстри 
  • 2007 — каржы министри
  • 27-декабрь, 2007 — КРдн экономикалык өнүктүрүү жана соода министри
  • 2009-2010 — КРдин биринчи вице-премьер-министри
  • 2009 — КРдин ЕврАзЭШтеги атайын өкүлү, КМШ маселелери боюнча КРдин улуттук координатору, КМШнын Экономикалык кеңешинде республиканын өкүлү жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин мүчөсү 
  • ноябрь, 2010 — "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты
  • 2011- 2012 — КРдин каржы министри
  • октябрь, 2015 — "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
  • 2021-жыл, июнь — экономика жана финансы министри;
  • 2021-жыл, октябрь — министрлер кабинетинин төрагасынын жана президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруучу.

КРдин эмгек сиңирген экономисти, II класстагы мамлекеттик катчы, Нарын облусунун ардактуу жараны.

Сыйлыктары:

  • "Манастын" 1000 жылдыгы", "Шериктеш" медалдары.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0