Аялын бычактап милиция чакырган эргул. Апрелдеги соттук чечимдер

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи нападения с ножом
Случаи нападения с ножом  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Жазылуу
Өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Фемида өкүлдөрү узап кеткен айда жүздөгөн кылмыш иштерди карап чыгып, тиешелүү өкүмдөрдү кабыл алды.
Булардын арасында өзгөчө оор коррупциялык былыктар да бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги апрель айында кабыл алынган айрым чуулуу иштерди сунуштайт.

Стакандашын мууздаган зөөкүрлөр

Борбор калаада унаа жууган жайда иштеген эки жигит жумуштан кийин бир шеригин үйгө чакырып, арак ичип отуруп уруша кеткен. Мейман болуп келген баланы тиги экөө катуу сабап, мыкаачылык менен өлтүрүп коюшкан. Тактап айтканда, жабырлануучуну ашкана бычагы менен мууздап, башын баштыкка салып таштандыга, тулку боюн чоң каналга ыргытып жиберген. Териштирүүдө алгач эки айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, кийин берген көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан. Сот зөөкүрлөрдү 12,5 жылдан түрмөдө калтырды.

Куралчан кылмыштуу топ

Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Мэриянын үйлөрүн сатып жиберген кызматкер 16 жылга кесилди

Жети адамдан турган кылмыштуу топту спецназ атайын операция өткөрүп Бишкекте колго түшүргөн. Укук коргоо кызматкерлери тинтүү маалында алардан эки магазини менен Калашников автоматын, бир сайлуу ок атуучу курал, травматикалык тапанча жана 100гө жакын ок тапкан. Кармалгандардын көпчүлүгү Талас облусунан келип, борбор калаада ижарага алынган бир батирде чогуу турушкан. Ал топтун мүчөлөрү курал колдонуп башка бир кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө сес көрсөтүүнү пландаган. Тергөө мааалында шектүүлөр бири-бирин тааныбай турганын, жөн гана бир жерде эле чогуу болуп калганын айткан. Погончондор куралчан жүргөн эргулдарды мыйзамсыз курал-жарак сатуу, сатып алуу, сактоо, ташуу жана алып жүрүүгө айыптаган. Фемида өкүлдөрү уюшкан топтун эки мүчөсүн 7,5 жылга, бирөөсүн 3,5 жылга камакта калтырып, калган төртөөнө 220-240 миң сомдон айып пул салды. Ал эми ок атуучу жарактар Ички иштер министрлигине өткөрүп берилген.

Аялын бычактаган эргул

Бир жарым жыл мурун курулушта бутун кокустатып, балдак таянууга аргасыз болгон 47 жаштагы эркек ден соолугуна байланыштуу мурдагыдай тыйын таппай калган. Күн өткөн сайын үйдөгү чатак да ырбаган. Бир күнү чогуу жашап жүргөн аялы экөө дасторкон үстүндө ызылдаша кетип, ал колундагы бычак менен келинди көкүрөккө, ичке, далыга сайып мыкаачылык менен өлтүргөн. Андан соң жакындарына чалып келинчегин өлтүрүп алганын кабарлап, милиционерлерди да үйгө өзү чакырткан. Сотто ал "мас эмес болчумун, кылган ишиме өкүнөм жана мыйзам чегинде жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм" деген. Эми ал 14 жылдык өмүрүн түрмөдө өткөрмөй болду.

Маркумду өрттөгөнгө аракет кылган

Шектүү өзүнүн стакандашы менен арак ичип отуруп, өз ара ызылдаша кетип аны өлгүчө катуу сабап койгон. Андан соң маркумдун сөөгүн каралбай жаткан жерге көтөрүп барып өрттөгөнгө аракет кылган, эгер ал көздөгөнүн соңуна чейин ишке ашырганда укук коргоо кызматкерлери каза болгон жарандын ким экенин аныктай албай калмак. Соттук-медициналык экспертиза кайтыш болгон 20 жаштагы жигиттин денесинен көгала так жана жаракаттардын изин тапкан. Адам өмүрүн алган айыпталуучу эми 13 жыл темир тор артында болот.

Миллиондор жана алдамчылык

Турак жай имаратынын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Бишкекте 14 кабаттуу үйдү салууга уруксат мыйзамсыз берилгени аныкталды

Соттолуучу буга чейин бир нече кылмыш иши боюнча жатак абагында жазасын өтөп чыккан. Бирок ага карабай 2017-жылы муниципалдык кызматка аралашып, Бишкектеги бир акимчиликте экономика жана финансы бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин милдетин аткарып келген. Ал жактан дагы шектүү "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" болуп эки жылда сегиз адамды сызга отургузган. Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевден сот аркылуу өндүрүлгөн сегиз батирдин документин жасап, 33 миллион 070 миң 250 сомго сатып жиберген. Андан сырткары, автоунаа сатуу менен да шугулданган. Убакыт өтүп былыктары четинен ачыктала баштаганда алдамчылык менен пайда тапкан жаран Баткенде качып жүрүп Тажикстанга өтүп, андан ары Түркияга учуп кетүүнү пландаштырган. Бирок аны ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери Лейлекте чек арадан колго түшүргөн. Сот аны беш жылга темир артында калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0