https://sputnik.kg/20210507/kyrgyzstan-uluttuk-bank-altyn-valyuta-interventsiya-1052410989.html
Улуттук банктын алтын валюта запасы 8 айдан бери биринчи жолу өстү
Улуттук банктын алтын валюта запасы 8 айдан бери биринчи жолу өстү
Sputnik Кыргызстан
Апрелде Улуттук банк эки ирет эң ири интервенция жасаган. Өткөн айда бардыгы болуп 112 миллион 450 миң доллар сатылган. 07.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-07T09:03+0600
2021-05-07T09:03+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
улуттук банк
алтын
валюта
интервенция
https://sputnik.kg/img/07e5/02/05/1051349186_0:205:2902:1837_1920x0_80_0_0_13ba659f0664eaff6a09bf852aea9578.jpg
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өлкөнүн алтын валюталык резерви апрель айында 152,5 миллион долларга өстү. Бул тууралуу башкы банктын маалыматтарында белгиленет.Март айынын этегинде запас 2 миллиард 523,1 миллионду түзгөн. Ал эми өткөн айдын аягында 2 миллиард 675,6 миллионго жеткен.Эске салсак, өткөн жылдын августунда 3 миллиард 71 миллион доллар рекорддук көрсөткүчкө жеткен, кийин сентябрдан мартка чейин ай сайын төмөндөө байкалган.Улуттук банк апрелде эки жолу ири интервенция жасаган. Анда бардыгы болуп 112 миллион 450 миң доллар сатылган.Өткөн жылы Улуттук банк 74,3 миллион доллар саткан. Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата (дүйнөлүк баага барабар) марттын аягынан апрелдин аягына чейин 76,6 долларга өсүп, 1 767,65 болду. Кеп трой унциясынын 31,1 грамм болгон наркы туурасында жүрүп жатат.Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.
https://sputnik.kg/20210504/chet-ehldik-valyuta-uluttuk-bank-1052381694.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/05/1051349186_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_33a746227a09f6e925a0b94948d08c44.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, улуттук банк, алтын, валюта, интервенция
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, улуттук банк, алтын, валюта, интервенция
Улуттук банктын алтын валюта запасы 8 айдан бери биринчи жолу өстү
09:03 07.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Апрелде Улуттук банк эки ирет эң ири интервенция жасаган. Өткөн айда бардыгы болуп 112 миллион 450 миң доллар сатылган.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өлкөнүн алтын валюталык резерви апрель айында 152,5 миллион долларга өстү. Бул тууралуу башкы банктын маалыматтарында белгиленет.
Март айынын этегинде запас 2 миллиард 523,1 миллионду түзгөн. Ал эми өткөн айдын аягында 2 миллиард 675,6 миллионго жеткен.
Эске салсак, өткөн жылдын августунда 3 миллиард 71 миллион доллар рекорддук көрсөткүчкө жеткен, кийин сентябрдан мартка чейин ай сайын төмөндөө байкалган.
Улуттук банк апрелде
эки жолу ири интервенция жасаган. Анда бардыгы болуп 112 миллион 450 миң доллар сатылган.
Өткөн жылы Улуттук банк 74,3 миллион доллар саткан. Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата (дүйнөлүк баага барабар) марттын аягынан апрелдин аягына чейин 76,6 долларга өсүп, 1 767,65 болду. Кеп трой унциясынын 31,1 грамм болгон наркы туурасында жүрүп жатат.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.