https://sputnik.kg/20210427/kyrgyzstan-ehlikter-uchurda-kajda-karmalyp-turat-1052277194.html
Өзбекстанга чыгарылмакчы болгон эликтер азыр кайда экени айтылды
Өзбекстанга чыгарылмакчы болгон эликтер азыр кайда экени айтылды
Sputnik Кыргызстан
УКМК Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен беш эликти алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык менен өзбекстандык киши... 27.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-27T12:05+0600
2021-04-27T12:05+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1b/1052277256_0:312:3072:2048_1920x0_80_0_0_425ac1ede0f558467e6e5cdcd459f73e.jpg
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга чыгарып кетүүгө аракет жасалган эликтерди тергөө иштери аягына чыкканга чейин компетенттүү органдар кармап турат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.Эске салсак, УКМК Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен беш эликти алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык менен өзбекстандык киши кармалганын кабарлаган. Маалыматта төрт эликтин мүйүзү кесилгени айтылган болчу."Бугу-Эне" коомдук фондунун (Караколдогу зоопарк) жетекчиси Салтанат Сеитова бул жаныбарлар Караколдогу зоопаркта багылганын, алар 2012-жылы Казакстандан алып келингенин билдирген. Анын айтымында, тийиштүү документтер дагы бар.Ошондой эле ал эликтин бул түрү Кызыл китепке кирбегенин жана ургаачыларынын мүйүзү болбой турганын айткан. Сеитованын сөзү боюнча зоопаркка төө куш баккан кыргызстандык кайрылып, канаттууларга эликтерди алмаштырууну сунуштаган. Келишим боюнча ал жаныбарларды багышы керек болчу.Эликтер учурда Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп берилди.Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Сеитованын сөзүнө таянып билдиргенине караганда, бул жаныбарлар Казакстандан 2012-жылы алып келинген Европа эликтеринин тукуму.Ведомстводон кабарлашкандай, фонд менен жеке тараптын ортосунда чындап эле келишим жолу менен жаныбарларды алмашуу болгон. Аты аталбаган жаран фондго Африка төө кушунун эки ургаачысы менен бир эркегин, "Битал" породасындагы эчки, теке жана эки Розелла тоту кушун берген. Анын ордуна Европа элигинин үч ургаачысы менен эки текесин алган.Тергөө иштери уланууда.
https://sputnik.kg/20210419/osh-ukmk-ak-ilbirstin-terisin-satkan-kishi-1052184687.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1b/1052277256_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_e69ea50986a76c9ea6f002e1e22c7506.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан
жаңылыктар, коом, кыргызстан
Өзбекстанга чыгарылмакчы болгон эликтер азыр кайда экени айтылды
12:05 27.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) УКМК Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен беш эликти алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык менен өзбекстандык киши кармалганын кабарлаган.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга чыгарып кетүүгө аракет жасалган эликтерди тергөө иштери аягына чыкканга чейин компетенттүү органдар кармап турат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, УКМК Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен беш эликти алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык менен өзбекстандык
киши кармалганын кабарлаган. Маалыматта төрт эликтин мүйүзү кесилгени айтылган болчу.
"Бугу-Эне" коомдук фондунун (Караколдогу зоопарк) жетекчиси Салтанат Сеитова бул жаныбарлар Караколдогу зоопаркта багылганын, алар 2012-жылы Казакстандан
алып келингенин билдирген. Анын айтымында, тийиштүү документтер дагы бар.
Ошондой эле ал эликтин бул түрү Кызыл китепке кирбегенин жана ургаачыларынын мүйүзү болбой турганын айткан. Сеитованын сөзү боюнча зоопаркка төө куш баккан кыргызстандык кайрылып, канаттууларга эликтерди алмаштырууну сунуштаган. Келишим боюнча ал жаныбарларды багышы керек болчу.
Эликтер учурда Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп берилди.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Сеитованын сөзүнө таянып билдиргенине караганда, бул жаныбарлар Казакстандан 2012-жылы алып келинген Европа эликтеринин тукуму.
Ведомстводон кабарлашкандай, фонд менен жеке тараптын ортосунда чындап эле келишим жолу менен жаныбарларды алмашуу болгон. Аты аталбаган жаран фондго Африка төө кушунун эки ургаачысы менен бир эркегин, "Битал" породасындагы эчки, теке жана эки Розелла тоту кушун берген. Анын ордуна Европа элигинин үч ургаачысы менен эки текесин алган.