УКМК беш элик боюнча жаңылышкан. "Бугу-Эне" фондунун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бугу-Эне" коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова
Бугу-Эне коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Ветеринардын айтымында, эликтердин ургаачыларынын мүйүзү болбойт. Ал эми эркектери жыл сайын мүйүзүн өздөрү таштайт.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандан чыгарып кетүүгө аракет жасалган эликтердин мүйүзү кесилген эмес. Бул тууралуу Sputnik агенттигине "Бугу-Эне" коомдук фондунун (Караколдогу зоопарк) жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди.
Эске салсак, кечээ күнү УКМК Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен беш эликти алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык менен өзбекстандык киши кармалганын кабарлаган. Маалыматта төрт эликтин мүйүзү кесилгени айтылган.
Сеитова бул эликтер Караколдогу зоопаркта багылганын, алар 2012-жылы Казакстандан алып келингенин билдирди. Анын айтымында, тийиштүү документтер дагы сакталган.
"Биз бул эликтерди эч кимге берген эмеспиз. Бирок бизге төө куш баккан кыргызстандык кайрылып, төө кушка эликтерди алмаштырууну сунуштаган. Ал бул жаныбарларды расмий түрдө алган. Ортодо келишим түзүлгөн, ага ылайык, эликтерди багышы керек болчу. Алдап койгон окшойт, бирок колго түшкөндөр башкалар болуп калышы дагы мүмкүн", - деди Сеитова.
Ошондой эле ал жаныбарларды ташуу эрежеси бузулганын билдирип, эликтердин үчөө ургаачы, экөө эркек экенин кошумчалады.
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Ошто үч ак илбирстин терисин 4,5 миң долларга сатмак болгон киши кармалды
"Ургаачыларынын мүйүзү болбойт. Ал эми эркектери жыл сайын мүйүзүн өздөрү таштайт. Сүрөттөрдү көрдүм, анда капиллярлар гана жарылып кеткен окшойт, мындай нерсе кадыресе көрүнүш. Бул жаныбарлар Кызыл китепке кирген эмес", - деди ветеринар.
Ал кармалгандар кылмыш эмес, административдик жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0