https://sputnik.kg/20210422/kyrgyzstan-aba-yrajy-kar-zhaady-1052217752.html
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Синоптиктер 23-апрелге караган түнү Чүйдүн дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрөрүн эскертишет. 22.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-22T11:29+0600
2021-04-22T11:29+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
кар
аба ырайы
үшүк
https://sputnik.kg/img/07e5/04/16/1052216885_0:36:3314:1910_1920x0_80_0_0_bea75e7e6a39d0fb2e9ad3a1b1699ec3.jpg
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарына кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги билдирди.Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунда кар Түп, Жети-Өгүз райондоруна, ошондой эле Каракол шаарына түштү.Ал эми Нарын облусунун Ак-Талаа, Кочкор райондоруна жана Нарын шаарына кыш кайтып келгендей эле болду.Талас облусунун дыйканчылык аймактарына толугу менен кар жааса, Чүйдө Кемин жана Чүй райондоруна да суук түштү. Бишкектин тегерегиндеги тоого жакын аймактарга дагы кар жаады.Республиканын түштүк аймагы боюнча айта турган болсок, тоолуу райондорго гана кар жааганы айтылды.Синоптиктер 23-апрелге караган түнү Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында тоо этектеринде үшүк жүрөрүн эскертишет. Ал гүлдөп калган бак-дарактар жана жерге отургузулган көчөттөр үчүн кооптуу болушу мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/16/1052216885_0:-1:3260:2048_1920x0_80_0_0_2ebf4675c9290adeaa0e71bae61e0818.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кар, аба ырайы, үшүк
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кар, аба ырайы, үшүк
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр
11:29 22.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Синоптиктер 23-апрелге караган түнү Чүйдүн дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрөрүн эскертишет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарына кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунда кар Түп, Жети-Өгүз райондоруна, ошондой эле Каракол шаарына түштү.
Ал эми Нарын облусунун Ак-Талаа, Кочкор райондоруна жана Нарын шаарына кыш кайтып келгендей эле болду.
Талас облусунун дыйканчылык аймактарына толугу менен кар жааса, Чүйдө Кемин жана Чүй райондоруна да суук түштү. Бишкектин тегерегиндеги тоого жакын аймактарга дагы кар жаады.
Республиканын түштүк аймагы боюнча айта турган болсок, тоолуу райондорго гана кар жааганы айтылды.
"Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында кардын калыңдыгы 7-8 сантиметрге жетти. Ушундай эле калыңдыктагы кар Нарын облусу менен Долон ашуусунда жатат. Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайына 15 сантиметрлик, Төө-Ашууга 14,9 сантиметрге жеткен кар түштү", — деп айтылат билдирүүдө.
Синоптиктер 23-апрелге караган түнү Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында тоо этектеринде үшүк жүрөрүн эскертишет. Ал гүлдөп калган бак-дарактар жана жерге отургузулган көчөттөр үчүн кооптуу болушу мүмкүн.