"Өлбөс полк" жүрүшү Россияда качан өтөрү айтылды. Эки формат каралууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өлбөс полк" жүрүшү. Архив
Өлбөс полк жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Уюштуруучулар 1945-жылы 24-июнда Жеңиш парады өткөнүн белгилеп, бул күн фашизмди жеңгендердин жүрүшкө чыгышы үчүн ылайыктуу дата деп эсептейт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Салтка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү 24-июнда өтүшү мүмкүн, ал эми 9-майда иш-чара онлайн-форматта өтөт. Бул тууралуу кыймылдын борбордук штабынын тең төрайымы Елена Цунаева МИА "Россия сегодня" агентигиндеги брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
Уюштуруучулар эпидемиологиялык кырдаал жакшырып, иш-чара кадимки форматта өтөт деп үмүттөнөт.
"Биз пандемияга байланыштуу абал жакшырат деп ишенип турабыз. Роспотребнадзор талаптарын өзгөртүп, "Россиянын өлбөс полку" жүрүшүн кадимки форматта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойбуз", — деген ал.
Цунаева 1945-жылы 24-июнда Жеңиш парады өткөнүн, бул күн фашизмди жеңгендердин кайрадан жүрүшкө чыгышы үчүн ылайыктуу дата деп эсептейт.
Кызыл-Аскерде өзгөчө эстеликтер пайда болду. Эскерүү багы акциясынан видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Кызыл-Аскерде өзгөчө эстеликтер пайда болду. "Эскерүү багы" акциясынан видео
Бүткүл россиялык "Өлбөс полк" коомдук кыймылы өлкө жарандарынын демилгеси менен уюшулган. 2015-жылы Смоленск облусунда өткөн съездде анын түзүлүшүн 60 аймактын өкүлү колдогон.
Кыймыл бүгүнкү күндө 78 аймактык бөлүмдүн башын бириктирет. Дүйнөнүн бардык континентинде 200дөн ашуун эл аралык координаторлору бар.
2020-жылы пандемиядан улам жүрүш өтпөй калган, уюштуруучулар аны онлайн-форматка которушкан. Анда транцляция 20 күн бою берилип, аны дүйнө жүзү боюнча 25 миллиондой киши көргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0