https://sputnik.kg/20210419/zhusup-abdrahmanovdun-omur-bayany-1052186115.html
Жусуп Абдрахманов — өмүр баяны
Жусуп Абдрахманов — өмүр баяны
Sputnik Кыргызстан
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 19.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-19T15:48+0600
2021-04-19T15:48+0600
2022-09-01T18:14+0600
таржымал
коом
кыргызстан
жусуп абдрахманов
коомдук ишмер
саясий ишмер
реферат
https://sputnik.kg/img/104265/69/1042656978_0:297:3264:2133_1920x0_80_0_0_0bab65529d6fb483d3781a3e19a2d602.jpg
Билими:Абдрахманов Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево айылы) орус-тузем мектебинде 3-класска чейин окуп, 1914-жылдан баштап билимин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайында уланткан. Тилекке каршы, 1916-жылы Үркүн окуясынан улам Абдрахманов окуусун бүтүрө албай калган.Болочоктогу саясий ишмердин атасы — Абдрахман Балапанов бий жана болуш болгон. Ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол жылы келте оорусунан каза тапканы айтылат. Жусуп Абдрахмановдун энеси жана жети бир тууганы Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Натыйжада Абдрахманов Токо аттуу иниси менен томолой жетим калып, 15 жашында эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап жашаган.Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакытта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлгөн. Алгач 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуган.Эмгек жолу:Совет бийлиги орногондон кийин партиялык курулушка баш-оту менен киришкен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл катары катышкан.Жусуп Абдрахманов 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген. Ошол жылдары санаалаштары менен жаңы, жаш мамлекетти бутуна тургузуп, цивилизацияга кошуу иштерине киришет. Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын дагы да кеңейтүүнү максат кылган. Абдрахмановдун аракети менен Кыргызстан адегенде автономиялуу облус, андан кийин автономиялуу республика болгон.Коомдук ишмер 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген. Ошол эле жылы кыргыздан чыккан алгачкы дипломат катары Иран өлкөсүнө эки тараптын мамилесин чыңдоо үчүн жөнөтүлөт.Саясий ишмер 1927-жылы март айында, болгону 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы түзүлгөн жаш республикадагы бардык маанилүү жумуштарды баштап? айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, укук, маданият сыяктуу тармактарды негиздөөгө салым кошкон. Колхоздошуу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын көтөрүп, көчмөн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтүү шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым көтөргөн. Ал турсун Сталинге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясатын белгилеген. 1930-жылдары ачкачылык башталып, Украина, Казакстанда миллиондогон адам кырылганда Абдрахманов бул көрүнүштү алдын ала сезип, Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан Москвага жөнөтпөй койгон. Ошентип канчалаган кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Бирок так ушул жагдай кийин анын "улутчул" деп күнөөлөнүшүнө себепкер болгон. Абдрахманов 1933-жылы сентябрда "Компартияга каршы аракеттенген" деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аёосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Артында анын жубайы жана беш баласы калган.
https://sputnik.kg/20181228/zhusup-abdrahmanov-tuuraluu-9-fakty-1042656872.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104265/69/1042656978_0:0:3264:2448_1920x0_80_0_0_4424048042dce16bac1ee48a6e764a32.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
таржымал, коом, кыргызстан, жусуп абдрахманов, коомдук ишмер, саясий ишмер, реферат
таржымал, коом, кыргызстан, жусуп абдрахманов, коомдук ишмер, саясий ишмер, реферат
Жусуп Абдрахманов — өмүр баяны
15:48 19.04.2021 (Жаңыртылды: 18:14 01.09.2022) Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Абдрахманов Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево айылы) орус-тузем мектебинде 3-класска чейин окуп, 1914-жылдан баштап билимин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайында уланткан. Тилекке каршы, 1916-жылы Үркүн окуясынан улам Абдрахманов окуусун бүтүрө албай калган.
Болочоктогу саясий ишмердин атасы — Абдрахман Балапанов бий жана болуш болгон. Ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол жылы келте оорусунан каза тапканы айтылат. Жусуп Абдрахмановдун энеси жана жети бир тууганы Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Натыйжада Абдрахманов Токо аттуу иниси менен томолой жетим калып, 15 жашында эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап жашаган.
Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакытта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлгөн. Алгач 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуган.
Совет бийлиги орногондон кийин партиялык курулушка баш-оту менен киришкен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл катары катышкан.
28 Бештин айы 2018, 14:11
Жусуп Абдрахманов 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген. Ошол жылдары санаалаштары менен жаңы, жаш мамлекетти бутуна тургузуп, цивилизацияга кошуу иштерине киришет. Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын дагы да кеңейтүүнү максат кылган. Абдрахмановдун аракети менен Кыргызстан адегенде автономиялуу облус, андан кийин автономиялуу республика болгон.
Коомдук ишмер 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген. Ошол эле жылы кыргыздан чыккан алгачкы дипломат катары Иран өлкөсүнө эки тараптын мамилесин чыңдоо үчүн жөнөтүлөт.
Саясий ишмер 1927-жылы март айында, болгону 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы түзүлгөн жаш республикадагы бардык маанилүү жумуштарды баштап? айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, укук, маданият сыяктуу тармактарды негиздөөгө салым кошкон. Колхоздошуу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын көтөрүп, көчмөн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтүү шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым көтөргөн. Ал турсун Сталинге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясатын белгилеген. 1930-жылдары ачкачылык башталып, Украина, Казакстанда миллиондогон адам кырылганда Абдрахманов бул көрүнүштү алдын ала сезип, Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан Москвага жөнөтпөй койгон. Ошентип канчалаган кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Бирок так ушул жагдай кийин анын "улутчул" деп күнөөлөнүшүнө себепкер болгон. Абдрахманов 1933-жылы сентябрда "Компартияга каршы аракеттенген" деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.
Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аёосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Артында анын жубайы жана беш баласы калган.