https://sputnik.kg/20210415/kyzdy-kuchko-salyp-unaaga-oturguzgan-1052144625.html
Милиция: кызды күчкө салып унаага отургузган кишинин ким экени аныкталды
Милиция: кызды күчкө салып унаага отургузган кишинин ким экени аныкталды
Sputnik Кыргызстан
Видеодон киши кызды күчкө салып унаага отургузууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Окуя "Манас" аба майданынын унаа токтотуучу жайында болгон. 15.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-15T16:56+0600
2021-04-15T16:56+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
коом
кыз
милиция
кылмыш
https://sputnik.kg/img/103476/14/1034761449_0:38:2743:1589_1920x0_80_0_0_975945544514719e157315097a2842cf.jpg
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Социалдык тармакка белгисиз киши кызга күч колдонуп унаага салып жаткан видео тарады. Окуяны күбөлөр тартып алган.Ролик Ertaisfr Instagram баракчасына жарыяланды. Автордун айтымында, окуя 15-апрелге караган түнү "Манас" аэропортунда болгон.Милиция текшерүү иштерин жүргүзүп кишинин ким экенин аныктаган. "Унаа Б.К. аттуу жаранга катталганы менен аны Ысык-Атанын 22 жаштагы Р.М. аттуу тургуну колдонот экен. 15-апрелде 23 жаштагы аялы экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгон", — дешти милициядан.Экөө тең бири-бирине доосу жок экенин билдиришкен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103476/14/1034761449_0:0:2743:1724_1920x0_80_0_0_6a4c77a9cfb34cba8c4e9afbf95af085.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, коом, кыз, милиция, кылмыш
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, коом, кыз, милиция, кылмыш
Милиция: кызды күчкө салып унаага отургузган кишинин ким экени аныкталды
16:56 15.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Видеодон киши кызды күчкө салып унаага отургузууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Окуя "Манас" аба майданынын унаа токтотуучу жайында болгон.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Социалдык тармакка белгисиз киши кызга күч колдонуп унаага салып жаткан видео тарады. Окуяны күбөлөр тартып алган.
Ролик Ertaisfr Instagram баракчасына жарыяланды. Автордун айтымында, окуя 15-апрелге караган түнү "Манас" аэропортунда болгон.
"Кечээ түнү "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында "Хундай" унаасынын айдоочусу кызга күч колдонуу менен унаага отургузууга аракет жасап жатты. Аялы эмес окшойт. Кыз аны тааныбай турганын айтып кыйкырып жатты", — деди автор.
Милиция текшерүү иштерин жүргүзүп кишинин ким экенин аныктаган.
"Унаа Б.К. аттуу жаранга катталганы менен аны Ысык-Атанын 22 жаштагы Р.М. аттуу тургуну колдонот экен. 15-апрелде 23 жаштагы аялы экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгон", — дешти милициядан.
Экөө тең бири-бирине доосу жок экенин билдиришкен.