Эртең Бишкектин бир катар бөлүгүндө жарык өчөт. График

© Фото / PexelsЭнергия үнөмдөөчү лампочка. Архив
Энергия үнөмдөөчү лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Бул күнү энергетиктердин бригадасы жабдууларды жана трансформатордук подстанцияларды оңдоо менен алектенет.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактарында 15-апрелде жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 7:00-18:00гө чейин — Касым конушунда, Достук кичи районунда, Профсоюзный, Кубаныч, Кайназарова, Волков, Патрис Лумумба көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Темировский туюк көчөсүндө;
  • 9:00-17:00 — Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгүндө, Зайсанский туюк көчөсүндө, Арча-Бешик конушунда (Ойсул-Ата, Бердибаев, Чортеков, Кривоносов, Шаршенов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө);
  • 9:00-18:00 — Абаданов, Чоң-Арык көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ала-Тоо конушунда (Кара-Булак, Кызгалдак, Ала-Тоо көчөлөрү);
  • 9:30-17:00 — 10-кичи райондо (№14 үй), Энтузиаст көчөсү, Жоон-Дөбө, Улук-Тоо, Арча-Гүл, Бакыян көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:30-18:00 — Чүй менен Үмөталиевдин кесилишкен жеринде, Мурас-Ордо, Арча-Бешик (Эркин Тоо, Кожомкулов, №6, Шералиев көчөлөрүндө), Ынтымак, Кыргызстан-1 конуштарында (Боз-Бөлтөк, Эркин-Тоо көчөлөрү);
  • 9:40-18:00 — Кантемир, Куликовский, Жибек жолу көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 13:00-17:00 — Магаданский, Күрөңкеев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Эркиндик проспектисинде.
Жаңылыктар түрмөгү
0