Милиция кызматкерлери Пригородноенин айыл өкмөтүндө - Sputnik Кыргызстан

Пригородноенин айыл өкмөтүн басып алган аялдар. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Имарат ичинде 10го чукул аял бар деп айтылды. Алар өздөрүн өрттөөгө даяр экенин билдирип жатышат. Соцтармакка тараган видеолордон колдорунда бензин куюлган бөтөлкө жана газ баллону бар экенин көрүүгө болот.
Чүйдүн Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Захват здание айыл окмоту в селе Пригородное - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Пригородное: аялдар айыл өкмөтүн басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутууда
Окуя болгон жерде Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милициясынын жетекчилиги, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү жүрөт. 
Интернетте тараган кадрлардан айыл өкмөтүнүн имаратында бензин куюлган бөтөлкөлөр, газ баллондор турганын көрүүгө болот. Аялдар акцияга насыясын төлөй албаганы үчүн чыкканын айтып жатышат.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
15:18 15.04.2021

Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар азыр жоопкерчиликке тартылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

ЖМК өкүлдөрү облус башчысына "бул аялдар мамлекеттик ишкананы басып алды, ал үчүн жоопко тартылабы?"деген суроо узатышкан.

"Жок, азыр жоопко тартылышпайт. Алар ишемби күнү саат 10:00дө Марипов менен жолугушат. Анда болгон маселелер чечилет. Көйгөйлүү маселелер өтө көп", — деген Тентишев.
Ал имаратты басып алган аялдар менен өкмөт башчы өзү сүйлөшкөнүн айтып, "Марипов кандай тапшырма берсе ошону гана аткарабыз" деп сөзүн аяктаган.

15:11 15.04.2021
Захват здания айыл окмоту в селе Пригородное - Sputnik Кыргызстан
14:49 15.04.2021

Алардын биринин айтымында, эми 17-апрель күнү саат 10.00дө премьер-министр Улукбек Марипов менен жолукмай болушту.

14:49 15.04.2021
14:21 15.04.2021

Айыл өкмөттүн имаратын басып алган аялдардын айрымдары вице-премьер Улукбек Кармышаков менен премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугуу үчүн Бишкекке келишкен. Бир бөлүгү имарат ичинде калган.

Ушу тапта алар кайтып келип, айыл өкмөттүн ичине кирип кетишкени белгилүү болду. Алар суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.

13:22 15.04.2021
Министр экономики и финансов — вице-премьер Улукбек Кармышаков - Sputnik Кыргызстан, 1920
Айыл өкмөттү басып алган аялдар менен вице-премьер сүйлөшүүлөрдү баштады
12:48 15.04.2021

Окуя болгон жерге Акыйкатчы аппаратынын өкүлү келди, бирок аны милиция кызматкерлери имарат ичине киргизген жок. Өкүл акыйкатчыга чалып, абал тууралуу маалымат берди.

12:41 15.04.2021

Шеримбеков аялдар менен вице-премьер Улукбек Карымшаков сүйлөшүп жатканын айтты.

12:39 15.04.2021

Аялдардын дал ушул Пригородное айыл өкмөтүн басып алганы азырынча себеби белгисиз. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Шаримбеков билдирди. Ал эртең менен аялдарга суу жана кургак азык берилгенин айтты.

12:31 15.04.2021

Окуя болгон жерге экономика жана финансы министри, ыице-премьер Улукбек Карымшаков келди.

Ал өкмөттүн Чүйдөгү өкүлү Эркин Тентишев менен имараттын ичине кирип кетти.

12:29 15.04.2021

Сыртта турган аялдар имарат ичинде газ баллон жок экенин айтышты.

"Аларды имаратты жардырып ийүү ниети жок, өздөрүн өрттөйбүз деп жатышат. Маалыматты туура таратууну өтүнөбүз. Айыл өкмөтүнүн аялдар газ баллон алып келишти деген сөзү чындыкка дал келбейт. Эртең менен чогуу элек, эч кандай газ баллон жок болчу", — дешти алар.

12:16 15.04.2021
12:15 15.04.2021
Захват здания айыл окмоту в селе Пригородное - Sputnik Кыргызстан, 1920
Пригородное айылындагы чуу: айыл өкмөт башчысы окуянын чоо-жайын айтты
12:14 15.04.2021
12:01 15.04.2021

Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн башчысы имаратты басып алуу үчүн аялдар эртең мененки саат 5.00дөр чамасында келгенин айтты. Бул тууралуу жеринен Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

"Саат беште кароолчу эшиктин алдын тазалап жатканда имараттын жанына ондой аял келген экен. Ал эч жакка кеткен эмес, аялдар өздөрү кирип келген. Азыр кароолчу түшүнүк кат жазып жатат. Аялдардын колунда бензин болгон, ошондой эле газ баллондорду дагы алып келишиптир. Алар кредиттерди жоюп салууну талап кылууда. Бирок бул биздин компетенциябыздагы маселе эмес", — деди айыл өкмөт башчысы.

11:53 15.04.2021
Захват здания айыл окмоту в селе Пригородное - Sputnik Кыргызстан
11:45 15.04.2021

Пригородное айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Шеримбековго видео жөнөтүлгөн. Анда имараттын ичиндеги аялдар колуна бензин куюлган бөтөлкө кармап, "Чоңдор келип насыяларды чечип берсин, мындан ары кредит деген жоюлсун!" деп кыйкырып, ушул сөздү бир нече кайталашканын көрүүгө болот. Ошондой эле өрттөнгөнгө даярбыз деген оюнан кайта электигин айтышкан.

11:36 15.04.2021
11:33 15.04.2021
Захват здания айыл окмоту в селе Пригородное - Sputnik Кыргызстан
11:32 15.04.2021

Ага чейин нааразычылыкка чыккандар Улуттук банк микрокредиттик компаниялардын ишмердүүлүгүн жөнгө салбайт дешкен.

"Буга чейин акциянын катышуучулары менен жолугушуу өткөрүп, мындай маселени жалпылап чечүү мүмкүн эместигин айтканбыз. Ар биринин көйгөйүн өзүнчө карап, коммерциялык банктар менен сүйлөшүүгө жардам берүүнү сунуштаганбыз. Биз маселени чечүүгө көмөктөшүүгө даярбыз", — деди Майтпасаев.

Андан кийин имараттын ичине кирип кетти.

11:24 15.04.2021

Акциянын катышуучулары "акырына чейин турабыз" дешүүдө

11:21 15.04.2021

Тентишев чогулган аялдар маселени тез арада чечүүнү талап кылып жатышканын айтты.

"Мен убада бердим, бирок азырынча макул болбой, премьер-министр Улукбек Мариповдун келишин, келбесе да чечим кабыл алышын талап кылып жатышат. Маселени чечүүнүн процедурасы бар да, тез чечүү мүмкүн эмес", — деди өкүл.

11:21 15.04.2021
11:18 15.04.2021

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев өлкө жетекчилиги окуя тууралуу кабардар экенин айтты.

"Садыр Жапаров маалымдар болду. Маселени тез арада чечүүнү тапшырды. Эки ирет телефондон сүйлөштүм. Премьер-министр дагы билет", — деди ал.

11:18 15.04.2021

Нааразычылыкка чыккан аялдардын биринин айтымында, алар үч күн бою өкмөт үйүнүн жанында митингге чыгышкан, бирок эч ким көңүл бурган эмес. Ал дагы айыл өкмөтүнүн имаратына кирейин деп жетишпей калган. Учурда ал жакта аймактардан чогулган 14 аял насыябызды төлөй албай калдык, мунун айынан үйүбүздү алдырганы жатабыз деп нааразы болушууда.

11:14 15.04.2021

Окуя болуп жаткан жерде тез жардам унаасы менен өрт өчүрүүчү машина турат.

"Бир гана маселе бар — насыя көйгөйү. Элдин эсин оодарды. Жумуш болсо, мынчалык кыйын болбойт эле. Жумушсуз отурушат. Иш менен камсыздасын (бийлик — ред.), кредит маселесин чечсин. Ушуга чейин унчукпай келди, эми олигархтардын, чиновниктердин миллиондорун көрүп ойгонду. Банкка үйлөрүн алдырып жибергендер бар. Биз пайызы бар экенин билчүбүз, бирок анда жумушубуз бар эле, пандемиядан улам көбүбүз иши жок калдык", — деди сыртта турган аялдардын бири.

Өз сөзүндө ал насыясы жок экенин, бул жерге акцияга чыккан аялдарды колдоо үчүн келгенин айтты.

11:13 15.04.2021
Захват здание айыл окмоту в селе Пригородное - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0