https://sputnik.kg/20210411/shajloo-uchastkasy-miliciya-koopsuzduk-1052076809.html
БШК: шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери иштеп жатат
БШК: шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери иштеп жатат
Sputnik Кыргызстан
БШК ар бир шаар, райондо аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен милициядан турган ыкчам аракет кылчу координациялык топтор түзүлгөнүн да белгиледи. 11.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-11T09:10+0600
2021-04-11T09:10+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
саясат
жергиликтүү кеңештерди шайлоо
жаңы конституциянын долбоору жана референдум
шайлоо
милиция
коопсуздук
бшк
https://sputnik.kg/img/103825/73/1038257389_0:0:4200:2363_1920x0_80_0_0_9bc5faa9e831368117df76284e418ede.jpg
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылууда. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, күч түзүмдөрү атайын даярдыктан өткөн. Мындан сырткары, ар бир шаар, райондо аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен милициядан турган ыкчам аракет кылчу координациялык топтор түзүлгөн. Алар кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталса дароо чара көрүшөт.Ар бир шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук камсыз кылынганы кошумчаланды. Участкалар тез-тезден дезинфекцияланып, шайлоочулар бир эшиктен кирип, башка эшиктен чыгышат. Ошондой эле ар биринин дене табы текшерилип киргизилет.Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жана референдум боюнча консультация же суроолоруна жооп алуу үчүн кыргызстандыктар 1255 кыска номерине чалса боло турганын эскертти.Ушу тапта Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп билүүгө болот.
https://sputnik.kg/20210411/bishkek-shaardyk-kenesh-zhyjyntyk-zhokko-chygaruu-1052076434.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103825/73/1038257389_234:0:3967:2800_1920x0_80_0_0_6d0e09ab1b44d6125782389200cbfac3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, жергиликтүү кеңештерди шайлоо, жаңы конституциянын долбоору жана референдум, шайлоо, милиция, коопсуздук, бшк, референдум
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, жергиликтүү кеңештерди шайлоо, жаңы конституциянын долбоору жана референдум, шайлоо, милиция, коопсуздук, бшк, референдум
БШК: шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери иштеп жатат
09:10 11.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) БШК ар бир шаар, райондо аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен милициядан турган ыкчам аракет кылчу координациялык топтор түзүлгөнүн да белгиледи.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылууда. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, күч түзүмдөрү атайын даярдыктан өткөн. Мындан сырткары, ар бир шаар, райондо аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен милициядан турган ыкчам аракет кылчу координациялык топтор түзүлгөн. Алар кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталса дароо чара көрүшөт.
Ар бир шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук камсыз кылынганы кошумчаланды. Участкалар тез-тезден дезинфекцияланып, шайлоочулар бир эшиктен кирип, башка эшиктен чыгышат. Ошондой эле ар биринин дене табы текшерилип киргизилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жана референдум боюнча консультация же суроолоруна жооп алуу үчүн кыргызстандыктар 1255 кыска номерине чалса боло турганын эскертти.
Ушу тапта Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан
окуп билүүгө болот.