00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт

© Фото / из семейного архива МамытовыхЯкуттардын чанасында отурган CCCРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиев, акын Жолон Мамытов жана экөөнүн артында турган киноактриса Айтурган Темированын сүрөтү 1973-жылы Саха Республикасындагы (Якутия) шаар тибиндеги Тикси айылына жакын жерде тартылган
Якуттардын чанасында отурган CCCРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиев, акын Жолон Мамытов жана экөөнүн артында турган киноактриса Айтурган Темированын сүрөтү 1973-жылы Саха Республикасындагы (Якутия) шаар тибиндеги Тикси айылына жакын жерде тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Якуттардын чанасында отурган CCCРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиев, акын Жолон Мамытов жана экөөнүн артында турган киноактриса Айтурган Темированын сүрөтү 1973-жылы Саха Республикасындагы (Якутия) шаар тибиндеги Тикси айылына жакын жерде тартылган.
Анда сүрөттөгү чыгармачыл инсандар Якутияга "Ак кеме" тасмасына тартылчу бугуну алып келүү үчүн барган.
Ошол кезеңди аталган кинофильмдин оператору Манасбек Мусаев мындайча эскерет:
"Биз "Ак кемени" тартуу иштерин 1974-жылы баштаганбыз. Ага чейин үч-төрт ай убакыт даярдык көрүлгөн. Актердук курамды тандап, тартууга ылайыктуу жерлерди издегенбиз. Өңү ак бугу керек болуп, аны атайын топ Якутиядан поезд менен алып келген. Сахага баргандардын ичинде Болот Шамшиев, Жолон Мамытов жана Айтурган Темирова бар эле. Кыргызстанга жаныбарды коштоп, анын ээси жана бир адис келген. Андан сырткары, күрөң бугуларды да Ысык-Көл облусуна ташып барганбыз. Ошол жылдары акын Жолон Мамытов Кыргызстан кинематографисттер союзунда уюштуруу иштери боюнча катчы болчу. Кинофильм соңуна чыкканда бугуларды Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы аскердик санаторийдин короосундагы чакан зоопаркка өткөрүп бергенбиз", — деди Мусаев.
Известный тюрколог Константин Юдахин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Кыргыз окумуштууларынын Бакайы — Юдахин шакирттери менен. Таберик сүрөт
"Ак кемени" тартууга жалпы 600 миң рубль бөлүнгөн. Басымдуу бөлүгү Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылып, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Орозбек Кутманалиев, Назира Мамбетова, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова жана Нургазы Сыдыгалиев роль жараткан. Жыйынтыгында эмгек 1976-жылы IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге татып, жазуучу Чыңгыз Айтматов, режиссер Болот Шамшиев, оператор Манасбек Мусаев СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Ал эми кийинки жылы Италияда "Алтын Эдельвейс", "Күмүш лачена" сыйлыктарын уткан.
Аталган тасмадагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0