Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сатыбалдиева: консервада ботулизм таякчасы бар экени даамынан билинбейт

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева үй шартында консервалоо үчүн жашылчаларды кайнатканда ботулизм таякчасынын вегетативдик түрү гана өлүп, споралары тирүү каларын айтты.
Ботулизм — тамак аш менен уулануунун эӊ бир коркунучтуу түрү болуп эсептелинет. Тамакта ботулизм таякчасы пайда болгону даамынан, көрүнүшүнөн жана жытынан байкалбайт. Ал жүз градус температурада да өлбөйт. Бул тууралуу Үмүт Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сатыбалдиева: консервада ботулизм таякчасы бар экени даамынан билинбейт
Анын айтымында, ботулизмди ышталып, кургатылган балыкты жегенде да жуктуруп алуу коркунучу бар.
"Ботулизм — токсинден улам капысынан башталып, катуу кармаган оору. Анын козгогучтары жаратылышта кеңири таралган жана анаэробдук шартта жашап, споралары айлана-чөйрөдө өтө чыдамдуу келет. Инфекция булагы — жаныбарлардын ичегисинде көбөйгөн бацилла заңы. Киши илдетти оорунун козгогучтары менен булганган тамак-аш аркылуу жугузуп алат. Ботулизмдин жашылча, үй шартында консерваланган азыктар шарттаган түрү коркунучтуу. Себеби жылчыксыз жабылган идиштеги, таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөгү козгогучтар анаэробдук шартта тез көбөйөт. Бул тамак-ашты жегенде кишилер ууланат. Уу ичегиге тез сиңет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат. Илдет эки сааттан кийин же 5-6 күндө байкалат. Оорулуунун алы кетет, башы айланып ооруйт, денеси ысып, кусат, ичи өтөт же катат, уйкусу качып, нерв системасы жабыркагандыктан шалдырайт. Көз капкагы жабылып карек чоңоёт, аба жетпей деми кысылат, муунат, денеси көгөрүп, 2-3 сутканын ичинде өлүмгө учурашы мүмкүн. Ботулизмде алгач ичеги-карынды клизма аркылуу тазалоо керек жана тезинен канга антитоксин куюлат. Андыктан үй шартында концервацияланган азыктарды базардан, көчөдөн сатып албаңыздар", — деди Сатыбалдиева.
Адис жашылчаларды үй шартында туздап, ачык сактоону жана банкадагы салаттарды ыргытып, өндүрүштө жасалган консерваларды алууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0