Массалык толкундоолордун чыгышына Атлантада сегиз аялдын өлтүрүлүшү себеп болгон. Маркумдардын алтоо азия тектүүлөр эле. Окуя өткөн аптада катталып, полиция кылмышка шектүү 21 жаштагы Роберт Аарон Лонгду кармаган. Ал жасаган ишин мойнуна алган, бирок кылмыш расалык жек көрүүдөн улам болбогонун айткан.
Деген менен бул окуя АКШда расалык мамиле тууралуу теманы козгогон. Нааразычылык акциялары Сан-Франциско, Питтсбург, Сан-Антонио (Техас штаты) жана Чикаго аймактарында өткөн. Жоржия штатындагы Капитолийдин жанына жана Нью-Йорктогу Таймс-скверге жүздөгөн адамдар чогулган.
Демонстранттар "Азиялыктарга карата жектөөнү токтоткула!" деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан. Көпчүлүгү Американын желегин желбиретишсе, өтүп бара жаткан унаалар сигнал басып аларды колдоп-коштогон.
© AP Photo / Steven SenneАзиялыктарга карата басмырлоого каршы массалык акциялар АКШнын бир катар шаарларында өттү
Азиялыктарга карата басмырлоого каршы массалык акциялар АКШнын бир катар шаарларында өттү
© REUTERS / Lindsey WassonСүрөттө Вашингтон шаарында акцияга катышкан бала "Мен АКШны жакшы көрөм! Азиялыктарга карата жек көрүү мамилесин токтоткула!" деп жазылган плакатты кармап турат.
Сүрөттө Вашингтон шаарында акцияга катышкан бала "Мен АКШны жакшы көрөм! Азиялыктарга карата жек көрүү мамилесин токтоткула!" деп жазылган плакатты кармап турат.
© REUTERS / Lindsey WassonЖенис Зан муниципалдык кеңешинин мүчөсү Вашингтондогу Даунтаун паркында нааразычылык билдирип чыккандарга кайрылып жатат
Женис Зан муниципалдык кеңешинин мүчөсү Вашингтондогу Даунтаун паркында нааразычылык билдирип чыккандарга кайрылып жатат
© AP Photo / Damian DovarganesЖүздөгөн эл өз жүрөгүнүн сокконун тыңшап жатат. Мындай адаттан тыш көрүнүштү Альгамбра (Калифорния) шаарында акцияга чыккандар уюштурушту.
Жүздөгөн эл өз жүрөгүнүн сокконун тыңшап жатат. Мындай адаттан тыш көрүнүштү Альгамбра (Калифорния) шаарында акцияга чыккандар уюштурушту.
© AFP / Mark FelixХьюстондогу Discovery Green паркындагы акцияда плакаты менен турган киши
Хьюстондогу Discovery Green паркындагы акцияда плакаты менен турган киши
© AP Photo / Nam Y. HuhМассалык акциялардын чыгышына Атлантада сегиз, анын ичинде алты азиялык аялдын өлтүрүлүшү себеп болгон
Массалык акциялардын чыгышына Атлантада сегиз, анын ичинде алты азиялык аялдын өлтүрүлүшү себеп болгон
© AFP / Justin Sullivan/Getty ImagesСан-Францискодо митингге чыккандар кытай кварталы аркылуу жүрүш жасашты. Сүрөттө: бийчилер тобу ажыдаар бийин аткарып жатышат.
Сан-Францискодо митингге чыккандар кытай кварталы аркылуу жүрүш жасашты. Сүрөттө: бийчилер тобу ажыдаар бийин аткарып жатышат.
© AP Photo / Nam Y. HuhАКШ полициясы акыркы маалда азиялыктарга кол салган көрүнүш көбөйгөнүн билдирет. Муну акыркы статистикалык маалыматтар тастыктап турат.
АКШ полициясы акыркы маалда азиялыктарга кол салган көрүнүш көбөйгөнүн билдирет. Муну акыркы статистикалык маалыматтар тастыктап турат.
© REUTERS / Shannon StapletonДемонстранттар "Жек көрүү - бул вирус" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушат
Демонстранттар "Жек көрүү - бул вирус" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушат
© REUTERS / Rachel WisniewskiМассалык акцияларга жаш балдар да катышкан
Массалык акцияларга жаш балдар да катышкан
© AFP / Mark Felix Хьюстондун Discovery Green паркындагы акцияга катышкан кыз "Азиялыктарды жек көрүүнү токтоткула!" деп жазылган плакатты кармап турат. Бул шаарда нааразычылык акциясы 20-мартта өткөн
Хьюстондун Discovery Green паркындагы акцияга катышкан кыз "Азиялыктарды жек көрүүнү токтоткула!" деп жазылган плакатты кармап турат. Бул шаарда нааразычылык акциясы 20-мартта өткөн