https://sputnik.kg/20210323/kolorado-ok-atuu-video-1051864379.html
АКШ: Колорадодо дүкөндөн 10 адам атып өлтүрүлдү. Шектүүнү колго түшүргөн видео
АКШ: Колорадодо дүкөндөн 10 адам атып өлтүрүлдү. Шектүүнү колго түшүргөн видео
Sputnik Кыргызстан
Бейкүнөө каза тапкандардын бири күч түзүмүнүн өкүлү экени маалым болду. Полиция шектүүнү кармап бараткан учур видеого түшүп калган. 23.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-23T10:25+0600
2021-03-23T10:25+0600
2021-12-16T13:58+0600
жаңылыктар
окуялар
дүйнөдө
акш
адам өлтүрүү
ок атуу
шектүү
видео
https://sputnik.kg/img/07e5/03/17/1051864342_0:310:3072:2048_1920x0_80_0_0_01b528a52a81267b601dd0f3f5a31e56.jpg
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарында супермаркетте белгисиз адам жай тургундарга ок атып, жыйынтыгында 10 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция жетекчиси Марис Херольддун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.Ага ылайык, көз жумгандардын бири күч түзүмүнүн өкүлү. Буга чейин ЖМКлар алты адам кайтыш болгонун жазышкан.Полиция кылмышка шектүү кармалганын кошумчалады. Маалым болгондой, ал дагы жабыркаган.РИА Новостиге жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, укук коргоо органдары жылаңачтанган шектүүнүн колун бууп, кармап баратышат. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки АКШ президентине окуя тууралуу кабар берилгенин белгиледи.
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/17/1051864342_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_69a54f80e0c782bab2c95f4be98db544.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, акш, адам өлтүрүү, ок атуу, шектүү, видео
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, акш, адам өлтүрүү, ок атуу, шектүү, видео
АКШ: Колорадодо дүкөндөн 10 адам атып өлтүрүлдү. Шектүүнү колго түшүргөн видео
10:25 23.03.2021 (Жаңыртылды: 13:58 16.12.2021) Бейкүнөө каза тапкандардын бири күч түзүмүнүн өкүлү экени маалым болду. Полиция шектүүнү кармап бараткан учур видеого түшүп калган.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарында супермаркетте белгисиз адам жай тургундарга ок атып, жыйынтыгында 10 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция жетекчиси Марис Херольддун айтымына таянып
РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, көз жумгандардын бири күч түзүмүнүн өкүлү. Буга чейин ЖМКлар алты адам кайтыш болгонун жазышкан.
"Жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. 10 адам көз жумду", — деген Херольд.
Полиция кылмышка шектүү кармалганын кошумчалады. Маалым болгондой, ал дагы жабыркаган.
РИА Новостиге жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, укук коргоо органдары жылаңачтанган шектүүнүн колун бууп, кармап баратышат. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки АКШ президентине окуя тууралуу кабар берилгенин белгиледи.