Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууга даяр

© Sputnik / Игорь АгеенкоГидроэлектростанция. Архив
Гидроэлектростанция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Тараптар Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстардын рационалдуу колдонулушуна кызыкдар экенин дагы бир жолу белгилешти.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышкысы келет. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттеринин Ташкент шаарындагы жолугушуусунан кийин өзбек лидеринин маалымат кызматы кабарлады.
"Тараптар Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстардын рационалдуу колдонулушуна кызыкдар экенин дагы бир жолу белгилешти. Бул тармакта узак убакытка жана туруктуу кызматташуу боюнча макулдашуулар болду. Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууга даяр", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушу тапта Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Анын алкагында соода жүгүртүү көлөмүн, биргелешкен ишканалардын санын көбөйтүү, Кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу сыяктуу маселелер талкууланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0