Тааныш аялды жылаңачтап сүрөткө тартып, акча талап кылган. Ошто шектүү кармалды

© AP Photo / Marcelo RuizТерезенин артында турган аял. Архив
Терезенин артында турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Шектүү Жазык кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен айыпталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Оштун милициясы тааныш аялга "жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм" деп акча талап кылган 28 жаштагы шаар тургунун кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Кечээ, 3-мартта, Шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 28 жаштагы Ош шаарынын тургунун колго түшүрүп, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Шектүү Жазык кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен айыпталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Аткаминер портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Чоң кызматка баруу үчүн коркуткан. УКМК энергетикти кармады
Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, кармалган жаран 2020-жылдын октябрь айында өзүнүн таанышы, 26 жаштагы аял менен өз ара араздашып кеткен. Андан соӊ "акыркы жолу бир жолугуп алалы" деп алдап чакырып, өзүнүн жеке машинасына отургузуп, бычак кезеп коркутуп шаардын мейманканаларынын бирине алып келген. Аялды бычак менен коркутуп чечиндирип өзүнүн мобилдик телефонуна тартып алган.
Андан соӊ "жакын арада 50 миӊ сом акча таап бербесеӊ сүрөттөрдү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке чыгарам" деп акча талап кыла баштаган. Жабырланган келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Тартип коргоо органдары шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Шаардык сот эртең, 5-мартта, анын  баш коргоо чарасын карайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0