Казакстан менен чектешкен жерге логистикалык борбор ачуу пландалууда

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЛогистикалык борбор. Архив
Логистикалык борбор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Кыргызстан менен Казакстан биринчи ирет кыргыз-казак аймактар аралык форум өткөрүүгө кызыкдар болуп жатышат.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн логистикалык борбор ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанда мамлекеттик иш сапары менен жүрөт. Ал жактан Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.
"Эки өлкөнүн өкмөттөрүнө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына логистикалык борбор түзүү иштерин тездетүү тапшырылды. Борбор ишке кирсе Кыргызстан менен Казакстандын аймагынан тоскоолдуксуз товар өткөрүүгө шарт түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчылары транспорттук жана транзиттик потенциалды мындан ары дагы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ал үчүн эки тарап тең биринчи ирет кыргыз-казак аймактар аралык форум өткөрүүгө кызыкдар болуп жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0