https://sputnik.kg/20210301/kyrgyzstan-mamlekettik-karyz-123-mlrd-som-bolunot-1051624909.html
Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулууга үч жылда 123 млрд. сом жумшайт
Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулууга үч жылда 123 млрд. сом жумшайт
Sputnik Кыргызстан
Узаган жылдын аягында өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашкан. Анын 4,2 миллиарды тышкы карыз болуп саналат. 01.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-01T09:57+0600
2021-03-01T09:57+0600
2021-12-15T22:50+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
тышкы карыз
бюджет
тейлөө
https://sputnik.kg/img/103823/72/1038237205_0:0:4800:2700_1920x0_80_0_0_05759bda2a9a57a7defca989aa86df9a.jpg
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2021-2023-жылдары 123 миллиард 142,4 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн учурдагы жана 2022–2023-жылдарга карата болжолдуу бекитилген бюджетинде айтылат.Өткөн жылдын аягында мамлекеттик карыздын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашкан. Анын 4,2 миллиарды тышкы карыз. 2020-жылы мамлекет бересесин төлөө үчүн 31 миллиард сом жумшаган.Ал эми ички карызды жабууга төмөнкү суммалар жумшалмакчы:Белгилей кетсек, мамлекеттик карыздын көлөмү жогорку чегине жеткени калды. Аны тейлөөгө кетчү чыгым да көбөйүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103823/72/1038237205_392:0:4480:3066_1920x0_80_0_0_34dfa9858edd48d4498332c5ccd3f803.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, тышкы карыз, бюджет, тейлөө
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, тышкы карыз, бюджет, тейлөө
Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулууга үч жылда 123 млрд. сом жумшайт
09:57 01.03.2021 (Жаңыртылды: 22:50 15.12.2021) Узаган жылдын аягында өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашкан. Анын 4,2 миллиарды тышкы карыз болуп саналат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2021-2023-жылдары 123 миллиард 142,4 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн учурдагы жана 2022–2023-жылдарга карата болжолдуу бекитилген бюджетинде айтылат.
Өткөн жылдын аягында мамлекеттик карыздын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашкан. Анын 4,2 миллиарды тышкы карыз. 2020-жылы мамлекет бересесин төлөө үчүн 31 миллиард сом жумшаган.
"Мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 2021-жылы 37 миллиард 266 миллион сом, 2022-жылы 38 миллиард 863,8 миллион сом, 2023-жылы 47 миллиард 12,6 миллион сом жумшоо пландалып жатат", — деп айтылат документте.
Ал эми ички карызды жабууга төмөнкү суммалар жумшалмакчы:
- 2021-жылы — 663,8 миллион сом;
- 2022-жылы — 13 миллиард 718,9 миллион сом;
- 2023-жылы — 15 миллиард 928,7 миллион сом.
Белгилей кетсек, мамлекеттик карыздын көлөмү жогорку чегине жеткени калды. Аны тейлөөгө кетчү чыгым да көбөйүүдө.