Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин байлыгынын тизмеси жана сүрөттөрү

© Фото / пресс-служба ГКНБЖээнбековдун кудасы Абжалиевдин байлыгынын тизмеси жана сүрөттөрү
Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин байлыгынын тизмеси жана сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Учурда депутаттын болгон мүлкүн аныктоо боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы эл өкүлүнүн байлыгын жарыялады.
  • 20 элиталык батир;
  • Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларындагы турак үйлөрү;
  • Ысык-Көл облусундагы пансионаты;
  • Ысык-Көл менен Чүй облусундагы жер тилкелери;
  • Түркия менен БАЭдеги кыймылсыз мүлктөрү;
  • Бишкекке көп кабаттуу үйлөрдү жана коммерциялык объектилерди (Кайынды кабелдик заводу) курган курулуш компанияларынын бирине инвестиция жасаган;
  • Таш көмүр жана алтын чыккан кендерге инвестиция жасаган. 
Белгилей кетсек, Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0